МИСКАВЕЙК: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МИСКАВЕЙК Абу Али Ахмед ибн Мухаммед, Ибн Мискавёйх, Ибн Йакуб Мискавайх [932, Иран, ар-Рей (азыркы Рай ш.) - 1031, Багдад] - акын, тарыхчы, философ. М. мусулман тарыхында биринчилерден болуп этикалык философияны илимий көз караш менен түшүндүргөн. Жаш кезинен адабият, медицина, алхимия, тарыхка кызыккан. Багдад ш-ндагы китепканада катчы болуп иштеп, алгач «Казына» («ал-Хазин»), кийин мусулман дүйнөсүндө «үчүнчү мугалим» [(«ал-му’аллим ас-салис»); биринчи мугалим («ал-му’аллим ал-аввал») - Аристотель, экинчиси («ал-му’аллим ас-сани») - Ал-Фараби] аталган. Араб жана фарсы тилинде 43төн ашык чыгарма жараткан. Анын тарых, философия, медицина, саясатка арналган «Бул дүйнөдөгү жашоо жана диндин этикасы» («Китаб’адаб ад-дунйа ва-д-дин»), «Жан жөнүндө трактат» («Рисала фи джавхари-н-нафс»), «Адеп-ахлакты тарбиялоо жана анын тамырын тазалоо» («Тахзиб ал-ахлак ва тат-хир ал-а’рак»), «Элдердин тажрыйбасы» («Тад-жариб ал-’умам») ж. б. эмгектери белгилүү.
Ад.: Мгзкат/ауИ. ТЬе Кейлешеп! о£ СЬагас1ег. Ве1ги1, 1968.