МИРТЕМИР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МИРТЕМИР [толук аты-жөнү - Миртемир Умар­бекович Турсунов; 28. 5(10. 6). 1910, азыркы Ка­закстан Респ., Чымкент обл., Түркстан району, Икан кыш. - 24. 1. 1978, Ташкент] - өзбек акы­ны, котормочу. Өзбек ССР эл акыны (1971). 1932-жылы Самарканд педагогикалык академиясын бүткөн. Чыгармалары 1926-жылдан жарыялана башта­ган. «Нурлар койнунда» (1928), «Жеңиш» (1931), «Борбор» (1936) ыр жыйнактарында ошол мез­гилдеги социалисттик курулуштун жүрүшүн баяндайт. «Өч» (1944), «Тандалганырлар» (1947), «Ырлар» (1961), «Жаңы ырлар» (1967) китептеринде граж­дандуулук, достук идеялары берилет. М. чет эл жана орус классиктеринин чыгармаларын, ошондой эле «Манас» эпосун (1-китеп, 1964; 2-китеп, 1973) өзбек тилине которгон. Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган («Гүлтааж». Ырлар жана поэмалар. 1973; которгон Т. Байзаков).