МИҢ-БУЛАК БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска

МИҢ-БУЛАК БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНҮ - биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын ортосу - б. 3. 1-миң жылды­гынын ортосуна таандык археол. эстелик. На­рын р-нунда, Он-Арча суусуна Оттук суусу куй­ган жерге жакын жайгашкан. Миң-Булак ай­лынан 3 км түндүк тарапта. Көрүстөндөрдүн 1-то­бу суунун жайылмасында. 20-22 дөбө-мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,5-0,7 м, диаметри 10-18 м. 2-тобу жайылманын үстүндөгү тектирде, түндүк­төн түштүктү карай 2-3 катар болуп жайгаш­кан. Дөбө-мүрзөлөрдүн бийиктиги 0,20дан 0,7-1 м, диаметри 5тен 15-20 .мге чейин. Үстүлөрү таш менен корумдалган. Дөбө-коргондор ЗОдан ашат. 1940-жылы археологдор А. Н. Бернштам, А. К. Ки­биров, 1981-жылы археолог К. И. Ташбаева изил­деген.