МИНЕРАЛДУУ ТОЮТТАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МИНЕРАЛДУУ ТОЮТТАР - тоют кошундулары (кальций, фосфор, натрий, хлор, ошондой эле кээ бир микроэлементтер). Рациондо малга керек айрым химиялык заттар жетишсиз учурда тоютка кошулат. Көпчүлүк тоютта натрий менен хлор жетишсиз болгондуктан, рационго кайнатма mys (курамында натрий менен хлор болот) кошулат. Кальций кошумча тоюту катары майдаланган бор жана травертин (курамында 37% ке чейин кальций), өчүрүлгөн акиташ (33- 37% кальций), жыгач күлү, жумуртканын кабыгы (айрыкча үй куштарынын) ж. б. пайдаланылат. Жазы жалбырактуу дарактардын күлү абдан баалуу. Мисалы, кайыңдын күлүндө 22% кальций, 2,2% фосфор, 9,4% натрий, 7,2% калий, 7,1% магний, 0,8% темир ж. б. болот. Рациондо бир эле мезгилде кальций да, фосфор да жетишсиз болсо, фосфор-кальций кошумча тоюту пайдаланылат. М. т. малга аралаш тоютка, силоско ж. б. кошуп берилет. Алар рациондун минералдык курамына жараша жасалат.