МИНЕРАЛДУУ СУУЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МИНЕРАЛДУУ СУУЛАР - жер астынан чык­кан, дарылык касиети бар суулар. Курамында биол. активдүү минералдык заттардын көптүгү жана физикалык-химиялык өзгөчө касиеттери менен айырма­ланат. Негизинен жер бетине сиңген жана чөгүндү түрдө сакталып калган байыркы деңиз суула­рынан пайда болот. Кээде метаморфизм процес­синен, магманын таасиринен тоо тектеринин кристаллдык торчолорундагы конституциялык суулар бошоп чыгып, М. с-га айланат. М. с-дын химиялык курамы ошол аймактын геол. түзүлүшүнө, тектоникалык өзгөчөлүгүнө, литологиясына геотерм­дик шартын, ал эми газдык курамынын калып­танышы метаморфизм жана магмалык процесс­терге байланыштуу болот. Мында жеңил учуп кетүүчү заттар өз алдынча бөлүнүп чыгып, жер астындагы сууларга кошулат. Мындай суулар агрессивдүү келип, тоо тектериндеги кээ бир ми­нералдарды эритиц, суу минералдашат (башкача айтканда mys­дууланат). Жер кыртышынын кычкылдануу процесси күчтүү жүрүүчү үстүнкү зонасында суу­лар атм-дагы азот, кычкылтек, көмүр кислотасы (аз санда) менен каныгат. Көмүртек-суутек, күкүрт­түү суутек газдары жер кыртышынын терең бөлүгүндөгү калыбына келүү процессинде пайда болот. М. с. жер бетине булак болуп агып чы­гат. Кээде бургулап чыгарылат. Адам баласына М. с-дын курамындагы эриген заттардын комп­лекси таасирин тийгизет. Эриген абалдагы биол. активдүү элементтердин суммасы 1 л сууда г менен берилет. Алар эриген заттардын санына жараша өтө аз (1-2 г/л), аз (2-5 г/л), орт. (5- 15 г/л), көбүрөөк (15-30 г/л), mysдуу (35- 150 г/л), ачуу mysдуу (150 г/лден көп) түрлөргө бөлүнөт. Иондук курамы менен температурасы боюнча да бири-биринен айырмаланат. Курорттордо ичүү, тамакты чайкоо, ваннага жана бассейнге түшүү үчүн колдонулат. Кыргызстан М. с-га өтө бай. Кура­мы ар кандай болгон бардык типтеги суулар кездешет.