МИНЕРАЛДУУ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска

МИНЕРАЛДУУ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР - өсүм­дүккө керек азык заттары бар минерал mys жана айрым химиялык бирикме. М. ж. с. топурактын күр­дүүлүгүн арттырат, анын физикалык, химиялык жана биол. касиетине, микроорганизмдердин өсүшүнө таа­сир берет, топурак эритиндисинин кычкылдуу­лугун өзгөртөт. Өсүмдүктүн өнүп, өсүшүн тезде­тип, түшүмүн жогорулатат, продукциянын са­патын жакшыртат. Агрономиялык жактан

жана өсүмдүккө тийгизген таасири боюнча түз жана кыйыр таасирдүү М. ж. с-ге бөлүнөт. Т ү з т а а­с и р д ү ү М. ж. с. өсүмдүктүн өзүн азыктанды­рат. Мындай М. ж. с. жөнөкөй жана татаал (ком­плекстүү) болуп айырмаланат. Жөнөкөйлөргө азот М. ж. с. (аммиак, натрий, кальций селит­ралары ж. б.); фосфор М. ж. с. (суперфосфат, фосфорит уну ж. б.); калий М. ж. с. (калий mysу, калий сульфаты ж. б.). Ал эми татаал же ком­плекстүү М. ж. с. курамында эки же андан көп элементтер болот. Мисалы, аммофос, диаммофос, нитрофос ж. б. Кыйыр таасирдүү М. ж. с. топурактын агрохим., физикалык-химиялык ка­сиеттерин жакшыртууда пайдаланылат. Бу­ларга акиташ, гипс, фосфогипс кирет. Топурак кычкылдуулугуна тийгизген таасири боюнча кыч­кыл, жегичтүү жана нейтралдуу М. ж. с-ке бө­лүнөт. М. ж. с. органикалык жер семирткич менен кошо оптималдуу өлчөмдө колдонгондо натыйжалуу­лугу жогорулайт. М. ж. с. талаага күзүндө же жазында, үрөн менен кошо жана өсүмдүктүн өсүү мезгилинде (кошумча азыктандыруу) чачылат. М. ж. с-ти туура эмес колдонууда (ашыкча ча­чуу, топуракка начар көмүү) топурактын күр­дүүлүгү начарлайт, көлмө, суулар булганат, өсүмдүк солуйт.

Ад.: Ибраимов Н. Жер семирткичтер жана аларды натыйжалуу колдонуунун жолдору. Ф., 1978.