МИНДАНАО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МИНДАНАО - Филиппин архипелагынын түш­түгүндөгү арал. Аянты 94,6 миң км2. Жанартоо масссивдери (бийиктиги 2954 м, Апо жанартоосу) жана саздуу ойдуңдар, ири булуңдар, океанга ки­рип турган кууш жарым аралдар мүнөздүү.

Кли­маты субэкватордук, муссондук, түштүгү эква­тордук. Жылдык жаан-чачыны 1000-2000 мм (тоолорунда 4000 ммте жакын). Дайыма жашыл жана жалбырагы күбүлмө тропик токою өсөт. Те­мир кени бар. Шалы, абака, ананас, кокос паль­масы өстүрүлөт. Ири шаарлары: Давао, Зам­боанга.