МИМОЗА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска

МИМОЗА (Мхтоза) - өсүмдүктөрдүн чанактуу­лар тукумунун уруусу. Көп жылдык чөп, ба­далдар (чанда лианалар) же дарактар, көбүнчө тикендүү (түрү өзгөрүлгөн жан жалбырак). Гүлү майда, башча же машак сымал топ гүлгө чо­гулган. Мөмөсү (чаңагы) бышканда ажырайт. Мененын 400-500 түрү, негизинен Американын тро­пик жана субтропигинде, бир аз түрү Африка жана Азияда кезигет. КМШ өлкөлөрүндө кооз­дук үчүн гана өстүрүлөт. Дүйнөнүн бардык же­ринде отоо чөп - уялчаак М. кезигет. Ал - чала бадал же бадал, жалбырагы башка М-дай эле тийип койсо же караңгы киргенде жабылып, ийилип калат.