МИКРОСПОРИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска

МИКРОСПОРЙЯ (М1сгоерог ВО818), ч а к а­л а й - үй жана жапайы жаныбарлардын мите козу карындар козгоочу жугуштуу ылаңы. Адам­га да жугат. Мында малдын териси сезгенет, жүнү түшөт жана тырмагы жабыркайт. Менены мите козу карындар козгойт. М. менен ит, мышык, аңдар, кой, маймыл, чочко, деңиз доңуздары, жылкы, музоо, келемиш ж. б. ылаңдайт. Ылаң­даткыч чөйрө таасирине туруктуу, жүндө 2-5 жыл, топуракта 2 айга чейин сакталат. Ал фор­малиндин 1-3% түү эритмесинде 15 лшнда, щё­лочтун 5-8% түү эритмесинде 20-30 лшнда жу­гушсузданат. Ыландын букма (инкубациялык) мезгили 22-47 күнгө, ал эми ылаң 3-9 жумадан 7-9 айга чейин созулат. Эпизоотол. маалымат­тардын, клиникалык белгилердин, люминес­центтик ыкманын негизинде диагноз коюлат. Менены чакалайдан (трихофития), котурдан, А-ави­таминозунан айырмалоонун мааниси чоң. Да­рылоодо 10%түү салицил майы, 10%түү сали­цил спирти, 10%түү иод тундурмасы, сульфон, күкүрт ангидриди, «Ям» шыбалмасы ж. б. кол­донулат. Алдын алууда вакцина пайдаланы­лат жана жолбун ит, мышыктарды жоготуп, ылаң чыккан короо, сарайлар формальдегиддин ша­кардуу эритмеси менен дезинфекцияланат (чене­ми 1 л/мг), ичи жаңы өчүрүлгөн акиташтын 10- 20%түү эритмеси менен акталат.

М. кишиде да жолугат. Көбүнчө балдар ооруйт. М. оорулуу адам же жаныбар менен жо­лукканда же соо адам оорулуунун буюмдарын (баш кийим, тарак, сүлгү, сакал алгыч ж. б.) колдонгондо жугат. Мите жуккандан 10-15 күн өткөндөн кийин териде (көбүнчө башта) какач­танган тактар пайда болуп, тери бир аз калың­дайт. Бүткөн бойдун, кол, буттун териси да ооруга чалдыгат. Дарылоодо антибиотиктер жана курамында йод, күкүрт бар дары-дармектер колдонулат.

Д. Раимбеков.