МИКРОБИОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска

МИКРОБИОЛОГИЯ (микро... жана биология) - микроорганизмдерди жана алардын систематика­сын, морфологиясын, фйзиологиясын, биохи­миясын, тукум куугучтугун, өзгөргүчтүгүн, та­биятта таралышын, ошондой эле заттардын табиятта айлануусунун ролун, адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн ооруларын пайда кылуучу микроорганизмдерди изилдөөчү илим. А. Левен­гук өзү жасаган микроскоп менен бактерия жана ачыткыч козу карындарды биринчи ачкан. Ки­шиде, айбанатта оорулардын пайда болушунда жана ачууда микроорганизмдердин ролун Л. Пас­тер түшүндүрүп, Менены илим катары негизде­ген жана кишини, айбанаттарды жугуштуу оору­лардан сактоо үчүн эмдөө жүргүзүүнү, вирустар ачылганга чейин эле вирустуу оору - кутурмага каршы эмдөөнү сунуш кылган. 0. эле консерва­ларды даярдоо, азык заттарды пастерлөө, бинт жана хирургиялык аспаптарды стерилдөөнүн илимий неги­зин түзгөн. Л. Пастердин заттардын жараты­лышта айланышындагы микроорганизмдердин ролу жөнүндөгү идеясын жалпы Мененын не­гиздөөчүсү С. Н. Виноградский андан ары улант­кан. Мененын өнүгүшү 20-к-дын ортосунан молекулалык биологиянын жетишкендиктерине байланыш­туу. Мененын өз алдынча тармактары бар. Ж а л­п ы М. микроорганизмдердин жалпы түзүлүшүн, өөрчүшүн, тиричилигин, жаратылыштагы ролун ж. б. маселелерин чечет. Техникалык же ө. ж. М-сы түрдүү ө. ж-да биотехнол. процесс­терде колдонулуучу (ар кыл тамак-аш сырьёло­рунун ачышы, витаминдердин синтези, антибио­тиктерди чыгаруу ж. б.) микробдордун биохим. активдүүлүгүн ж. б. касиетин изилдейт. А й ы л ч а р б а М-сы топурак микроорганизмдеринйн курамын, алардын топурак зат алмашуусунда­гы ролун, өсүмдүк жана микроорганизмдердин бири бири менен байланышын, тоютту консерва­лоо (силостоо), аны сактоо ж. б. маселерди изил­дейт. Геологиялык М. заттардын жара­тылышта айланышындагы, кендердин пайда болуу жана бузулууларындагы микроорганизм­дердин ролун аныктайт. С у у М-сы суудагы микрофлоранын биохим. процесстердеги функ­циясын, медициналык жана в е т е р и­нариялык М. киши ооруларын, малдын ылаңдарын ж. б. дарттарды козгоочу жана жугу­зуучу микроорганизмдерди иликтейт. М. биохи­мия, органикалык химия, генетика, топурак таануу, гид­робиолОгия ж. б. илимдер менен тыгыз байланыш­та. Азыркы Мененын жетишкендиктери пайда­ланылып, негизги биол. маселелер чечилүүдө. Мененын хроматография, физикалык, химиялык ж. б.

метод­дору бар. Кыргызстанда биринчи М-лык станция­лар (чумага каршы) 1926-жылы уюшулган. Респ­када Мененын өнүгүшүндө Б. Я. Эльберт, М. П. Покровская, В. П. Тульчинская, Атап Айтканда Волко­ва, Т. А. Тыналиева, Ц. Ц. Хандуев ж. б. илим­поздордун салымдары чоң. Кыргызстанда М-лык изилдөөлөр, Кыргызстан эпидемиология, микробио­логия жана гигиена институтунда, ошондой эле тийиштүү илимий из. институттардын жана ЖОЖдордун лабор-ларын­да жүргүзүлөт.

Ад.: Шлегель Г. Общая микробиология. М., 1987; Микробиология. 2-е изд., М., 2003; Гусев М. В., Минеева Л.А. Микробиология. 9-е изд. М., 2010.