МИКОПЛАЗМОЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МИКОПЛАЗМОЗ (Мусор1а8шо81в) - адамдын жана жаныбарлардын микоплазма бактериясы козгоочу оорусу. Көбүнчө аялдар ооруйт. Коз­гогуч оорулуу кишиден шилекей жана жыныс жолу менен жугат. Ал мурун бүтүү, фарингит, ла­рингит, бронхит же пневмония, ошондой эле заара­жыныс жолдорунун сезгенүүсү түрүндө өтөт. Иммун жетишсиз кош бойлууларда, төрөттө, аборт жасаганда, суукка урунганда, стрессте ж. б. учурларда М. катуу кармайт. М. энеден балага берилбейт, бирок төрөт учурунда ба­лага жугушу мүмкүн. М а л д а М. - тоок, күрп ж. б. үй куштарынын дем алуу органда­рын жабыркатуучу өнөкөт ылаң. М. менен кой, эчки, мүйүздүү ири мал, чочко да ыландайт. Ылаң козгогучу (М. ^аШзерНсит) - ар кандай формадагы бактериялар. Белок, углевод жана ви­таминдер жетиштүү чөйрөдө жакшы өөрчүйт. М. ылаңдаган куш аркылуу тарайт. Букма (жашы­руун) мезгили бир нече күндөн 2 айга чейин созулат. Ыландаган куш тоют жебейт, алы ке­тет, демигет, таажысы кубара баштайт, кырыл­дап жөткүрөт ж. б. Ылаң күчөгөндө куш арык­тайт, өлөт. Ылаңдаган кой, эчкинин сүтү азаят же такыр жоголот. Муундары, көзү да жабыр­кайт. Козгогуч булагы - ылаң жаныбар. Коз­гогуч сүтү, көзүнөн чыккан суюктук, заара, заң менен бөлүнөт. Дарылоо ыкмасы иштелип чыга элек, антибиотиктер пайдаланылат.