МЕШКОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска
МЕШКОВ Николай Иосифович (1930-жылы туулган, РСФСР, Воронеж обл., Воробьев району, Никольский айылы ) - Социалисттик Эмгектин Баатыры (1988). Воронеж а. ч. институтун бүтүргөн (1955). 1955-жылдан Ош (азыркы Жалал-Абад) обл-нун Жаңы-Жол (азыркы Аксы) р-нундагы Караван МТСинде башкы инженер, Караван РТСинин директору, «Кыргыз айыл чарба

техникасынын» Караван бөлүмүнүн башкаруучусу, 1962-жылдан ошол эле райондогу «Кызыл-Жар» совхозунда директор болуп иштеген. Ал жетектеген чарба дан эгиндери менен тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү жана мамлекетке сатуу ж. б. боюнча планды ашык орундатып, ар уйдан 3580 кгдан сүт саалган, ар бир койдон ИОдон козу алынган. Чарбанын рентабелдүүлүгү арткан. 1967- жылдан Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Эл Достугу ордендери менен сыйланган.