МЕХАНИКАЛАШТЫРУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска

МЕХАНИКАЛАШТЫРУУ — кол менен иште­тилүүчү эмгек каражаттарын машина, механизм жана аппараттар менен алмаштыруу. Мененун негизги максаты - эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана адамды оор жумуштан бошотуу. Мененун техникалык каражаттарына кыймылдаткычы (электр, буу, гидравликалык ж. б.), берилген операцияны ишке ашыруучу атайын түзүлүшү (жүк көтөрүп­ташуучу, желдетүүчү, муздатуучу ж. б. орнот­молор) бар машина жана механизмдер кирет. М. 18-к-да башталып, 19-к-дан машина, механизм жана аппараттарды кенири колдонуу менен жумуш­тун жеңилдеши эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жана өндүрүш масштабынын тез өнүгүшүнө алып келген. Мененун деңгээли жана натыйжалуулугу эм­гекти М. коэфф-тине, өндүрүштүн машина, энер­гия менен жабдылышына жараша аныкталат. Ө. ж., а. ч., курулуш жана транспорттогу өндүрүш процесстерин комплекстүү М. жана автоматташ­тыруу үчүн машиналар системасы, энергетика­ны М-да ири электр станциялары курулуп, бирдиктүү энергия системалары түзүлүүдө. Шах­тада жогорку өндүрүмдүү комбайндар иштөөдө. Газ, нефть сордуруу ө. ж-нда жогорку өндүрүмдүү каражаттар (бургулоочу жабдуулар) пайдаланы­лууда. Металлургияда оор жумуштарды М. дом­наларды, чоюн эритүүчү жана прокат цехтерин М-га багытталган. Жалпы алганда, тоо-кен ө. ж-нда, газ жана нефть алуу өндүрүшүндө, ме­таллургияда, машина курууда, жүк көтөрүп­ташуу жумуштарында, курулушта, транспорт­то, токой чарба, жеңил жана тамак ө. ж. өндүрү­шүндө, тиричилик, тейлөө чөйрөсүндө, а. ч-да М. эң кубаттуу өндүрүштү түзүүгө алып келет. Техникалык прогресстин негизги багыттары энергияны башка түргө түздөн-түз айландыруу, айлана­чөйрөнү коргоо иштерин жүргүзүү менен М. иште­рин өркүндөтүүнү көздөйт.