МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК СТАНЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска

МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК СТАНЦИЯ - атм-га жана жер бетине үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүп туруучу илимий мекеме. Негизинен метеорологиялык эле­менттерди, ар кандай кубулуштардын белги­леринин бир убакта өзгөрүшүн (башталышын, бүтүшүн, аракетин) изилдейт. Биринчи станция 18-к-да ишке киргизилген. Петербургда Башкы физикалык обсерватория ачылгандан кийин (1849) М. с-лар бирдиктүү жетекчиликке ээ болгон. Бай­коо жүргүзүүнүн жалпы программасы түзүлгөн. Станциянын курамына метеорол. аянтча (тер­мометри, гидрометри бар психрометр будкасы, шамалдын ылдамдыгын, багытын, кучүн өлчөө­чу аспап, жаан-чачын өлчөгүч жана топурак термо­метри ж. б.), кызмат үйү (барометр, көчүрмө ас­паптар, маалымат жыйынтыктоо бөлүмү бар) кирген. Байкоо жүргүзүү иштери атайын про­грамма боюнча 3 же 6 саатта, кээде саат сайын, 10 мүнөттүн ичинде жүргүзүлуп турат. Маалымат­тар шарттуу белгилер (код) менен сандык маалы­мат түрүндө тийиштүү жерге (аба ырайы бюро­суна, авиаметеостанцияга) жиберилет. Станция­дан алынган маалыматтар аба ырайы боюнча прогноз түзүүдө колдонулат.