МЕРКАПТАНДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МЕРКАПТАНДАР, тиоспирттер, тиол­д о р - органикалык күкүрттүү бирикмелер. Жалпы фор­муласы - К8Н, мында К-углеводород радикал­дары (СН3, С2Н. ж. б.). Гомол. катардагы кичи­не молекулалык массалуу мүчөлөрү - өзгөчө жагымсыз жыттуу суюктуктар. Жаратылышта негизинен белоктордун чиришинен пайда болот. Туздары меркаптиддер деп аталат. М. дисульфидге жана сульфон кислотасына чейин оңой окистенет. М. химиялык мүнөзү боюнча начар кислоталык касиетке ээ. М. жегич металлдардын сульфиддерин алкил­дөөдөн, тиомочевинадан алынган mysдарды гид­ролиздөөдөн ж. б. жолдор менен алынат. М. жана алардан синтезделген заттар табигый жана син­тездик каучукту жумшартууда, айрым дары-дар­мек заттарын алууга колдонулат.