МЕНЬШЕВИКТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МЕНЬШЕВИКТЕР — Россия с.-д. партиясында­гы саясий агым. РСДРПнин 2-съездинде (1903) болыпевиктер жана меныпевиктерге бөлүнүп, 1917-жылы М. партиясы түзүлгөн. М. (лидерлери: Л. Мартов. П. Б. Аксельрод, Г. В. Плеханов, В. И. Засуличж. б.) жаңы типтеги партиянын теориялык, уюмдаштыруу жана тактикалык негизи­не, буржуазиялык-демокр. революциядагы пролетариат геге­мониясына, пролетариат менен дыйкандар сою­зуна каршы чыккан (дыйкандардын революциялык потенциалы жок деп эсептешкен); революциянын башкы кыймылдаткыч күчү - либералдык бур­жуазия деп эсептеп, аны менен жумушчу табын кызматташууга чакырган. 1-дүйнөлүк согушта (1914-18) М. социал-шовинизм же центризм та­рабына өткөн. 1917-жылдагы Февраль революциясы­нан кийин массанын саясий тажрыйбасы жок­тугунан пайдаланып, алар эсерлер менен бирдикте Советтерде жетекчи абалга жетишип, бийлик­ти Убактылуу өкмөткө берген. Ошол жылдын май айында М. коалициялык Убактылуу өк­мөткө кирген. Алар В. И. Лениндин «Апрель те­зистерине», буржуазиялык демокр. революциядан социалисттик революцияга өтүүгө, Орус революциясына (1917), Врест тынчты­гына жана Совет бийлигинин бардык иш-чара­ларына каршы чыгып, Советтердин бүткүл россиялык 2-съездин үзгүлтүккө учуратууга ара­кеттенишкен. Керенский-Краснов козголоңун колдошкон; ак гвардиячылар жана империалист­тер тарабында жарандык согушка катышкан. Жаңы экономикалык саясатка өтүүдө М. эсерлер менен бирге кулак козголоңдорун идеялык-саясий жактан жетектеген; ишканаларда саботаж уюштуруу­га, Кронштадттагы козголоңго катышкан. Про­летариат диктатурасынын соккусунан улам М. партиясы 1924-жылы жоюлган. 1931-жылы март айын­да М-дин «РСДРП БК Союздук Бюросунун» үстүнөн фальсификацияланган сот процесси жүргүзүлүп, анын мүчөлөрү (14 адам) чыккын­чылар деп күнөөлөнүп, камакка алынган.

Ад.: Урилов И. X. История российской социал­демократии (меныпевизма). М., 2000-2008. Ч. 1-4; Тютюкин С. В. Меньшевизм: страницы истории. М., 2002.