МЕНЗБИР СУУРУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска
МЕНЗБИР СУУРУ (МагтЫа тепгЫег!) - суурлар уруусундагы сүт эмүүчү. Дене Узундугу 30-60 см, куйругу 10-25 см. Дүйнө жүзүндө жалгыз гана Теңир-Тоонун батышында, Чаткал тоо кыркаларында таралган. Анын 2 түрчөсү (угам жана чаткал) белгилүү. Ал кургак, какыр бийик тоо этегин мекендейт. Өсүмдүк менен азыктанат. Ийинин таштак жерлерге, кээде шалбаа, талаа өсүмдүктүү жайык жерлерге казат. Топтошуп жа-

шайт, күндүз активдүү. Сентябрь айында чээнге кирип, март-апрелде чыгат. Жашаган аянттары жылдан жылга тарып, айрым гана жерлерде бири биринен обочолонгон чакан популяциялары сакталган. 3 жашында жыныстык жактан жетилет. Бир жылда бир жолу, 3-4 чөндөлөй тууйт. Саны азайып, көп жерлерде жок болуп бара жаткандыктан, ТКЭСтин жана Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.