«МЕНДИРМАН»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска

«МЕНДИРМАН» - кыргыз элинин социалдык­турмуштук дастаны. «М-дын» үч варианты бар. Биринчи варианты 1918-39-ж. Шапак Рысмен­деевден жазылып алынып, 1941-жылы өзүнчө ки­теп болуп чыккан. Экинчи вариантын 1941-жылы Ы. Абдырахманов Кайдуу деген карыядан жа­зып алган. «М-дын» үчүнчү вариантын Тоголок Молдо жазып тапшырган. Аталган варианттар­дан мазмундуу, кызык окуялуусу, чебер айтыл­ганы - Шапак Рысмендеевдин варианты. Дас­танда баш каарман Мендирмандын атасы өлгөн­дөн кийин аталаш бир туугандарынан көргөн кордугу, ошондон башка элге качып кеткени, айткан сөзү, аткарган иши менен ал элге, каны Адылга жакканы үчүн Адыл кандыгын берге­ни, кийин түмөн кол менен өз элине кайрылып келип, арып-ачкан элин чогултуп, турмушун оңоп, калмактардын үстөмдүгүн жойгону жөнүндөгү окуялар баяндалат. Фольклордук туруктуу салт боюнча «М-да» да ак жеңет, чындык, ак ниеттик, эрдик, калыстык даңазаланып, оң каарман Мен­дирман жеңишке жетет. «М.» дастанындагы окуяларды айрым фольклорчулар 16-17-к-га таандык деп болжолдошот.

Ад.: Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тары­хынын очерки. Ф., 1973; Кыргыз адабиятынын та­рыхы. Б., Б., 2004.