МЕНДЕЛЬ ЗАКОНДОРУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска

МЕНДЕЛЬ ЗАКОНДОРУ - тукум куума белги­лердин укумдан тукумга берилиши жөнүндө эреже­лер. Бул закондорду Г. Мендель 1866-жылы сунуш кылган, бирок илим аны 1900-жылы гана баала­ган. Мендель өзүнүн тажрыйбасында буурчак­тын бир гана таза белгиси бар түрдүү сортторун бири-бири менен аргындаштырып, аргын муунда аталык жана энелик белгилердин кандай катыш­та кездешкенин эсептеген. Мунун негизинде өзүнүн үч законун ачкан. Биринчи муундун гиб­риддеринин окшоштугу же Менделдин 1-зако­ну - бир белгиси боюнча (сары же жашыл түстөгү буурчакты) айырмаланган туруктуу формалар­ды аргындаштыруудан алынган бир муундун ту­куму, бул белги боюнча бирдей фенотипке (сары түскө) ээ. Мында бардык гибриддер тажрыйба­да көрсөтүлгөндөй ата-эненин бирөөсүнүн фено­тибине (толук доминанттык) же кийин байкал­ган аралык фенотипке (толук эмес доминант­тык) ээ. Мындан ары биринчи муундун гибрид­деринде ата-эненин экөөнүн тең белгилери бай­калышы (кодоминанттуулук) мүмкүн экендиги далилденди. Бул закон ар кандай аллелдери боюнча эки гомозиготалуу организмдерди (АА жана аа) аргындаштырууда, алардын бардык тукум­дары генотиби боюнча бирдей (гетерозиготалуу - Аа). Ажыроо закону же Менделдин 2-закону - биринчи муундун гибриддерин өз ара аргындаш­тырганда экинчи муунда белгилүү катышта би­ринчи муундун гибриддеринин жана алгачкы ата­эненин фенотиптерине ээ особдор келип чыгат. Мисалы, толук басымдуулук кылган особдордун 75% и доминанттык, ал эми 25% и рецессиялык

белгилерге ээ болот. Толук эмес басымдуулук кылууда жана кодоминанттуулукта экинчи муун­дун гибриддеринин 50% и биринчи муундун фе­нотибине жана 25% и алгачкы ата-эненин фено­типтерине бөлүштүрүлөт. Белгилердин көз ка­рандысыз тукум куушу же Менделдин 3-закону боюнча альтернативалуу белгилердин ар бир жубу бир катар муунда бири-бирине көз карандысыз болуп, натыйжада экинчи муундагы организм­дер арасында белгилүү катыштагы жаңы белги­лерге (ата-энесиникине салыштырмалуу) ээ особ­дор пайда болот. Мисалы, эки белгиси боюнча айыр­маланган алгачкы формаларды аргындаштыруу­да экинчи муунда (толук үстөмдүк кылган учур­да) төрт фенотиптүү особдор келип чыгат. Мын­да эки фенотип «ата-энелик», ал эми калган экөө жаңы белгилерге ээ болот. Бул закон бир нече жуп гомол. хромосомалардын көз каран­дысыз ажырашына негизделген.