МЕЛАНЕЗИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска
МЕЛАНЕЗИЯ (грекче melas - кара жана nesos - арал) - Океаниядагы негизги аралдар тобунун бири, Тынч океандын түштүк-батыш бөлүгүндө. Башкы аралдары: Жаңы Гвинея, Бисмарк архипелагы, Соломон а., Жаңы Каледония, Фижи. Жалпы аянты 1 миллион км2дей. Калкы 4 млндон ашуун; негизинен папуастар менен меланезиялыктар. Мененын аралдары материктик жана жанартоо кыймылдарынан пайда болгон. Бийикт. 5029 лгге чейин (Жаңы Гвинеяда). Жанартоо көп; жер титирөө тез-тез болуп турат. Климаты экватордук, субэкватордук, түштүк аралдарда тропиктик. Айлык орт. температурасы 25-28°С. Жылдык жаан-чачыны айдарым капталдарда 7000-9000 мм, калган бөлүгүндө 1000-2000 мм. Өсүмдүктөрүндө эндемиктер көп. Түндүгүндөгү ири аралдары нымдуу экватордук жыш токой (баалуулары: нан жана коон дарактары, пальма, каучуктуу, сандал, тик дарактары ж. б.) менен капталган. Борбордук бөлүгүндөгү жана түштүктөгү аралдарын муссондук токой жана саванна ээлейт. Кокос пальмасы, каучук дарагы, бал камыш, какао, кофе плантациялары бар. Тропиктик дыйканчылык (шалы, жүгөрү, таро, маниок, ямс) өнүккөн. Жыгач даярдалат. Балык кармалып, коралл, седеп чогултулат. Никель, кобальт, хром (Жаңы Каледония), марганец (Жаңы Гебриддер), жез (Соломон а., Фижи, Жаңы Гвинея) кенташтары казылып алынат.