МЕКСИКАЛЫКТАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска
МЕКСИКАЛЫКТАР, мехиканос - эл, Мексиканын негизги калкы. Саны боюнча Латын Америкасында 2-орунда, АКШ, Канада, Испания, Германия, Швейцария ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 150 миллион киши (2008). М-дын жарымынан көбү (60-70%) аргындар (ладино). Испан тилинде сүйлөшөт. Калкынын көбү католик динин тутат, протестанттар да бар. Өлкөнү колониялоо убагында испандар менен жергиликтүү индей элдеринин (ацтек, майя, миштек, сапотек, отом ж. б.) жана Африкадан кул катары алынып келинген негрлердин аралашуусунан 19-к-да М-дын уюткусу түзүлгөн. Испандардын колониялык эзүүсүнө каршы улуттук-боштондук күрөшү жана 1910-17-ж-дагы М. революциясы М-дын улут болуп түзүлүшүнүн аякташын шарттаган. Негизги кесиби - дыйканчылык жана мал чарбачылык. М-дын көпчүлүгү ө. ж-да иштешет. Дубалы топурактан согулган, ошондой эле жыгач, таш, адоб жана самандан курулган, терезеси, полу жок, чатыры саман же черепица менен жабылган жер үйлөрдө жашашып, цинов-
када, кээде гамакта (ысык аймактарда) укташкан. Улуттук кийими - испан жана индей тибинде. Эркектер пахтадан жасалган кездемеден көйнөк, шым, башына сомбреро, аялдары жеңил кездемеден тигилген блуза, бүйүрмөлүү узун юбка кийишип, башына жамынгыч жамынат. Дөөлөттүү М. булгаарыдан тигилген кара түстүү шым, бийик такалуу өтүк, ак көйнөк, кара галстук, күмүш топчулуу кыска желет же куртка, саймаланган калпак кийген. Тамак-ашы негизинен жүгөрү, төө буурчак, мал чарбалуу түндүк райондорунда быштак, жээктерде - балык ж. б. кеңири колдонулат.
