МЕКСИКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска

МЕКСИКА, МексикаКошмо Штат­т а р ы - Түндүк Американын түштүк-батышындагы мамлекет. Түндүгүнөн АКШ, түштүк-чыгышынан Гватемала жана Белиз менен чектешет. Ватышы менен түштүгүн Тынч, чыгышын Атлантика океандары чулгайт. Аянты 1964,4 миң км2. Кал­кы 112,3 миллион (2011; калкынын саны боюнча Түштүк

Америкада Бразилиядан кийинки 2-орунда). Борбору - Мехико. Администрациялык-аймактык жактан 31 штат­ка жана Борбордук федерация округуна бөлүнөт. Акча бирдиги - мексика песосу.

М. - БУУнун (1945-жылдан), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү бан­кынын (1945), Америка өлкөлөрү уюмунун (1948), Латын Америка интеграция ассоциация­сынын (1980), Рио тобунун (198,9), Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (1993), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү.

М. - федерациялык мамлекет. Конституциясы 1917-жылы кабыл алын­ган. Башкаруу формасы - президенттик респуб­лика. Мамлекет жана өкмөт башчысы - прези-

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009)

Штаттары

Аянты, миң км2

Калкы, миң

Администрациялык борборлору

Агуаскальентес

5,27

1139,75

Агуаскальентес

Веракрус

72,00

7276,57

Халапа

Герреро

64,79

3141,25

Чильпансинго

Гуанахуато

31,03

5041,82

Гуанахуато

Дуранго

122,79

1549,72

Дуранго

Идальго

20,66

2420,10

Пачука

Кампече

57,03

794,82

Кампече

Керетаро

12,11

1716,72

Керетаро

Кинтана-Роо

39,20

1308,18

Четумаль

Коауила

150,62

2625,60

Сальтильо

Колима

5,47

599,97

Колима

Мехико

21,42

14812,60

Толука

Мичоакан

58,59

3965,77

Морелия

Морелос

4,96

1673,18

Куэрнавака

Наярит

27,10

969,23

Тепик

Нуэво-Леон

64,74

4441,25

Монтеррей

Оахака

93,15

3551,01

Оахака

Пуэбла

34,16

5644,55

Пуэбла

Сакатекас

73,83

1379,98

Сакатекас

Сан-Луис-По-

тоси

63,78

2483,58

С ан - Луис - Потоси

Синалоа

58,36

2651,97

Кульякан

Сонора

180,61

2507,74

Эрмосильо

Табаско

24,61

2049,17

Вилья-Эрмоса

Тамаулипас

79,69

3188,32

Сьюдад-Виктория

Тласкала

4,05

1132,99

Тласкала

Төмөнкү

71,51

3154,98

Мехикали

Калифорния

Төмөнкү Түш-

түк Калифор-

ния

73,95

563,66

Ла-Пас

Халиско

79,09

7009,74

Гвадалахара

Чиуауа

245,96

3387,72

Чиуауа

Чьяпас

73,63

4501,35

Тустла-Гутьеррес

Юкатан

43,58

1919,00

Мерида

Федералдык

округ

1,53

8841,23

дент. Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы - эки палаталуу Генералдык конгресс (депутаттар палатасы жана сенат). Аткаруу бий­лигин президент башында турган федерал­дык администрация ишке ашырат. М-да көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Институттук-революциялык партия (ИРП), Улуттук кыймыл партиясы, Де­мокр. революция партиясы, Экол. жашылдар партия­сы ж. б.

Табияты.

Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн Мек­сика тайгак тоосу (бийиктиги 1000-2000 м) ээлеп, аны айланта Чыгыш Сьерра-Мадре, Батыш Сьер­ра-Мадре, туурасынан Жанартоо Сьеррасы (ара­кеттеги Орисаба жанартоосу, бийиктиги 5610 м', Попокатепетль, 5465) курчайт. Түштүк-батышын­да Калифорния ж. а., түштүгүндө Чьяпас жана Түштүк Сьерра-Мадре тоо массивдери, түштүк-чыгы­шында ойдуңдуу Юкатан ж. а. жатат. Клима­ты деңиз деңгээлинен бийиктигине жараша деңиз жээк­теринде нымдуу тропиктиктен, түндүгүндө суб­тропиктик, тоолорунда мелүүн. Январдын орт.

Өчкөн Истаксиуатль жанартоосу.

температурасы түндүгүндө жана түндүк-батышында 10°С, түштүгүндө 25°С, июлдуку тайпак тоолорунда 15°С, Калифорния булуңунун жээгинде 30°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 100 лглгден 3000 лшге чейин. Ири дарыясы - Рио-Браво-дель­Норте (же Рио-Гранде, АКШ менен болгон чек ара­сы аркылуу агат). Эң чоң көлү - Чапала. Түндүк- батышына боз жана чөл, тоолуу аймактарына күрөң тоо топурагы мүнөздүү. Мененын ысык жана нымдуу бөлүгүндө дайыма жашыл тропик то­кою, түндүк жана түштүгүндөгү тоолорунда аралаш жана ийне жалбырактуу токой, кургакчыл ай­мактарында жарым чөл жана чөл өсүмдүктөрү өсөт. М. биол. деңгээли жана ландшафтынын ар

Халиско штатындагы агава өстүрүлгөн аймак.

түрдүүлүгү боюнча дүйнөдө алдынкы орунду ээлейт. Фаунасынын курамында 500дөн ашык сүт эмүү­чүлөр (анын ичинде 31%и эндемик, 18%и жоголуп кетүү алдында), ИООдөн ашык канаттуулар (11; 5), 800гө чукул сойлоочулар (48; 12), 350дөн ашык жерде-сууда жашоочулар (45; 58) кездешет. Жаныбарлардын сейрек кездешүүчү түрлөрүн (деңиз таш бакасы, ача мүйүз антилопа, бари­бала) сактап жана көзөмөлгө алуу боюнча мамлекеттик долбоорлор иштейт. Мененын деңиз экосистемасы да ар түрдүүлүгү [шуру (коралл, 60-80 түрү) риф­тери, жээк лагуналары, мангр саздары жана өсүмдүктөрү] менен өзгөчөлөнөт. М-да 170ге жа­кын коргоого алынган табигый аймак (өлкөнүн аянтынын 12%и, анын 18,7 миллион гасы кургак-

Сиан-Каан биосфера коругу.

тыкта, 4,5 млну деңизде) бар. Көптөгөн улут­тук парктар (67) уюштурулган. Сиан-Каан био­сфера резерваты (Юкатан ж. а-нын чыгыш жээ­ги), Марипоса-Монарка (Жанартоо Сьеррасын­да сейрек кездешүүчү данаида монарх көпөлөгү кыштайт), Калифорния булуңу (дүйнөдөгү кит сыяктуулардын жана 900дөн ашык балыктын түрү кездешет) жана Эль-Вискаино резерваты (деңиз сүт эмүүчүлөрү жана таш бака) Буткул дуйнөлук мурастын, коргоого алынган 36 табигый айма­гы ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген; 17си (аянты 1,9 миллион га) эл аралык маанидеги Рам­сар конвенциясынын чегинде коргоого алынган. Өлкөнүн аймагынын х/5 бөлүгүнөн ашыгын аг­роландшафт ээлейт. Суу эрозиясынын натый­жасында топурагы деградацияга учуроодо. Эко­логиянын негизги көйгөйлөрүнүн бири токой­лорунун кыйылып жок болушу, абанын булга­нышы болуп эсептелет.

Калкы.

Калкынын негизин мексикалыктар түзөт. Ошондой эле индейлер (юто-ацтек жана отоманг­дар, майя, тотонак менен тепеуалар, михесоке, тарасктар, хока элдери, англис тилдүү кикапу ж. б.), америкалыктар, испандар да жашайт. Расмий тили - испан тили (нахуатль, майя, отоби жерг, тил катары кеңири колдонулат). Католик динин тутат. Орт. жыштыгы 1 кл«2ге

Гвадалахара шаары.

57 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники - 72,9 жаш, аялдарыныкы - 77,6. Төрөлүүнүн деңгээли орточо (1000 кишиге 17,5), өлүм-житим төмөн (1000 кишиге 5,0, жаш балдардыкы ЮООге 13,7). Шаар калкы 77,8% . Ири шаарлары: Мехико, Экатепек, Гвадала­хара, Пуэбла, Хуарез.

Тарыхы.

М. аймагында адамдар соңку палео­лит доорунда (биздин заманга чейинки 20 миң жыл мурда) жаша­ган. Бул жерде алгачкы мамлекет ольмектерге (биздин заманга чейинки 1500-600-ж.) таандык. 4-к-даМайя им­периясы түзүлүп, 6-8-к-да кыйла гүлдөп өнүк­көн. 10-к-да Мененын азыркы борборунда пайда болгон тольтектер мамлекетин 13-к-да түндүктөн келген чичимек, нахуатлан уруулары жана ац­тектер сүрүп чыгарган. Мындан соң ацтектер өз мамлекетин түзүп, Теночтитлан ш-н (азыркы Мехико ш.) негиздеп, 15-к-да Борбордук жана Түштүк

Мексикадагы археологиялык парк.

Менены өз бийлигине баш ийдирген. Испандар (ба­шындаЭ. Кортес турган) 1517-жылы М. жээктери­не жетип, ацтектерди талкалап, 16-к-дын аягы­на чейин М. аймагын негизинен каратып, жергиликтүү индейлерди аёосуз эзген. М. жаңы Испаниянын вице-королдугуна айланган. Оор эмгек, ачарчы­лык жана оору-сыркоодон индейлердин көбү кы­рылган (1532-жылы 16,8 млндой адамдан 1605-жылы 1 млндон ашыгы гана калган). 16-к-дын 30- жылдарынан колониячылар М-да баалуу металл­дарды казып алууну өнүктүргөн. Мунун баары колониячыларга каршы жергиликтүү элдердин көп сандаган көтөрүлүшүнүн (1626-, 1692-, 1761-, 1767-жылы ж. б.) чыгышына себеп болгон. Өлкөнү колониялоо убагында түрдүү этностук топтор­дун (европалыктар, индейлер, Африкадан алы­нып келинген негрлер) аралашуусунан 19-к-дын башында мексикалыктардын калыптанышына шарт түзүлгөн. Баскынчыларга каршы боштон­дук кыймылдын күчөшүнөн улам, 1821-жылы 28- сентябрда Мехикодо Мененын көз карандысыздыгы жарыяланып, респ. түзүлгөн. 1833-жылы А. Лопес де Санта-Ана бийликке келип, диктатура ор­ноткон. Бийликке каршы ички-саясий күрөш

Кукулькана храмы. Чичен-Ица.

Менены кыйла начарлаткан. М. аймагын басып алууга умтулган АКШ 1845-жылы Техасты зордоп өзүнө кошуп алып, 1846-жылы М-га каршы согуш ачкан (к. Америка-Мексика согушу). М. эли ба­атырдык менен каршылык көрсөткөнүнө караба­стан жеңилип, 1848-жылдагы келишим боюнча М. өз аймагынын 55%инен же Калифорния, Сан­Франциско жана Лос-Анжелес ш-нан ажыраган. Ошондой эле Гадсден келишиминин (1853) негизинде АКШ М. өкмөтүн дагы 120 миң км2 аймагын 10 миллион долларга берүүгө мажбурлаган. 1853-жылы бийликке кайра келген Санта-Ананын саясаты­на каршы Мененын түштүгүндө 1854-жылы чыккан көтөрүлүш көп узабай революцияга айланып, 1855-жылы Санта-Ананын диктатурасы кулатылган. Мын­дан соң X. Альварестин либералдык өкмөтү бийликке келип, 1856-жылы конгрессте бир катар антиклерикалык мыйзамдар, 1857-жылы жаңы конституция кабыл алынган. Анын киргизи­лишине каршы консерватор-клерикалык ре­акциячыл күчтөр 1857-жылдын аягында козго­лоң чыгарып, X. Альварестин өкмөтүн кулат­кан. Респ-нын убактылуу президенти Б. Хуа­рес башкарган либералдар эл массасынын кол­доосуна таянып, конституцияны жактап чык­кан. Өлкөдө жарандык согуш башталган. Хуа­рес өкмөтү 1859-жылы июлдагы «реформа жөнүндөгү мыйзамдарда» чиркөө мүлкүн мамлекеттеш­тирүүнү, чиркөөнү мамлекеттен бөлүүнү ж. б. белгилеген. Бул куралдуу күрөштү ого бетер ырбатып, ал либералдардын толук жеңиши менен аяктаган. 1862-жылдын башында Улуу Бри­тания, Франция, Испания мексикалык реак­цияга жардам берип, фр. баскынчылар Мехи­кону жана өлкөнүн маанилүү шаарларын басып алып, Менены австриялык эрцгерцог Максими­лиан I башкарган империя деп жарыялаган. Элдин баатырдык күрөшүнүн натыйжасында ин­тервенттер 1867-жылы мартта М-дан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Хуарес өлгөн соң (1872) прези­дент болгон С. Лердо де Техаданын (1872-76-ж. сураган) ордуна келген диктатор П. Диастын ту­шунда конституция, жарандык эркиндик иш жүзүндө жоюлуп, конгресс мурдагы ролунан ажыраган. М-га чет элдик, болгондо да түндүк америкалык капиталдын киришинен, феод. калдык­тардын сакталышынан антифеодалдык жана антиимпериалисттик кыймыл күчөгөн. 20-к-дын башында М-да революциячыл жогорулаш пайда бол­гон. Мексика революциясынын (1910-17) натыйжа­сында, 1917-жылы 5-февралда прогрессчил роль ой­ногон демокр. конституция кабыл алынган. Анын 27-статьясында М. өкмөтү чет элдик ком­паниялар менен түзгөн 1876-жылдан берки кон­цессия жөнүндө келишимдерди жана бардык кон­тракттарды карап чыгып, латифундияга берил­ген жерлерди дыйкандар менен индейлерге кайра кайтарган, 8 сааттык жумуш күнү, эмгек акы ж. б. киргизилген. Бирок конституцияны то­лук ишке ашыруу ошол мезгилдеги бир катар социалдык-экономикалык мамилелерди жоюуну талап кылган. 1917-21-ж. жаңы конституцияны ишке ашырууга шашылбаган президент В. Карранса өлкөдөн куулуп, 1920-жылы 1-декабрда президент­тикке генерал А. Обрегон шайланган. Ал рефор­маны ишке ашыруу боюнча маанилүү кадамдарды (агрардык жана эл агартуу тармагында) жасап, тышкы саясатта активдүү иштерди жүргүзүп, СССР менен дипломатиялык мамилелерди түзгөн (1930-жылы чейин). 1924-жылы президенттик бийликке П. Ка­льес келген. Реакциячыл топтор жана чет элдик компаниялардын кысымына туруштук бере ал­баган жана жумушчулар менен дыйкандардын кый­мылынын өсүшүнөн чочулаган Кальес өкмөтү жана андан кийинки өкмөттөр 20-жылдарда жана 30-жылдардын аягында саясий багытын кескин өзгөртүп, агрардык реформа жүргүзүүнү токтот­кон, прогрессчил уюмдарды куугунтуктаган. Өкмөттүн реакциячыл саясатынан жана эм­гекчилердин абалынын начарлашынан улам революциячыл кыймыл жогорулап, Улуттук революциячыл партиянын (УРП, 1929-жылы түзүлгөн) өкүлү Л. Карденас-и-дель-Рио 1936-жылы президенттик­ке шайланган. Анын тушунда айрым т. ж. жана англ., америкалык нефть компаниялардын ишкана­лары мамлекеттештирилген. Экинчи дүйнөлүк согуш (1939-45) башталганда М. өкмөтү (прези­дент М. Авила Камачо) адегенде бейтараптык­ты жактап, кийин антигитлердик коалицияга тилектеш болуп, 1942-жылы ноябрда СССР менен дипломатиялык мамилени калыбына келтирген. 1946-жылы Мексика революциялык партиясы (МРП) Институт­тук-революциялык партия (ИРП) болуп өзгөргөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Мененын эко­номикасы жогорулаган. Президент А. Риус Кор­тинес бийликке келгенден (1952-58) кийин, кор­рупцияга каршы чаралар көрүлгӨн. 1953-жылы аял­дар эркектер менен бирдей саясий укуктарга ээ болгон. М. экономикасына америкалык банк капита­лынын өңүтү күчтүү болгондуктан, М. өкмөтү өлкөнүн тышкы саясатына АКШны жакындат­поого умтулган. Лопес Матеос өкмөтү (1958-64) экономиканын мамлекеттик секторун чындап, 1960-жылы

электр энергетика ишканаларык мамлекеттеш­тирген. 1961-жылы тоо-кен ө. ж-н «мексикалаш­тыруу» жөнүндө мыйзам кабыл алынып, андагы чет элдик капиталдын үлүшүн (49% ке) чектеген. Батыш Европа өлкөлөрү менен тыгыз байла­нышып, Куба революциясына каршы АКШнын ара­кеттерин колдоодон, Куба менен дипломатиялык мамиле­син үзүүдөн баш тарткан. Президент Г. Диас Ордас (1964-70) улуттук финансы-өнөр жай бур­жуазиясынын өнүтүн чындоо менен бирге эконо­миканын мамлекеттик секторун күчөтүү саясатын жүргүзгөн. 1970-жылы бийликке келген Эчеверриа Альварес өкмөтү агрардык реформа (1971), жаңы шайлоо (1972), чет элдик капитал салымдары­на чек коюу (1973) жөнүндө мыйзамдарды чыгарып, жумушчулар үчүн турак-жай курулуш фонду­сун түзгөн, мамлекеттик кызматкерлер үчүн 5 күндүк иш жумасы белгиленген. Куба, Перу, Чили ж. б. Латын Америкасынын өлкөлөрү менен байланыш чыңдалып, 1972-жылы КЭР менен дипломатиялык мамиле түзүл­гөн. Президент X. Лопес Портильонун (1976- 82) тушунда Чьяпас, Табаско штаттарында жана Кампече кысыгында ири нефть кендери ачы­лып, 1976-82-ж. М. нефть өндүрүү боюнча дүйнөдө алдынкы орундардын бирин ээлеген. 1981-жылы нефть баасынын түшүшү менен өлкөнүн эконо­микасы кескин төмөндөгөн (1996-жылга кара­та Мененын тышкы карызы 100 миллиард АКШ дол­ларын mysгөн). 2000-жылы жалпы шайлоонун жы­йынтыгы менен ИРП (ондогон жылдар бийликте болгон) жеңилип, В. Фокс башында турган оп­позициялык Улуттук аракет партиясы (УАП, 1939-жылы негизделген) бийликке келген. Өлкөнүн экономикасы төмөндөп, элдин социалдык аба­лы оордоп, массалык түрдө (бир жылда 500- 600 миң киши) АКШга кеткен. 2006-жылы Демокр. революция партиясынын лидери (ДРП, 1989-жылы түзүлгөн) Ф. Кальдерон Инохасанын президент­тик бийликке келиши менен өлкөнүн өсүү темпи турукташып, инфляция төмөндөп, жумушсуз­дук азайган. Анын өкмөтүнүн негизги милде­ти - жумушсуздукту (М-да ишке жарамдуу калк­тын үчтөн биринин туруктуу иши жок, мекси­калыктардын көбү чет өлкөлөрдө, негизинен АКШда иштейт) жана жакырчылыкты (М. кал­кынын 45% и жакыр) жоюу.

Экономикасы.

М. - Латын Америкасындагы Бразилиядан кийинки өнүгүп келе жаткан, экономикалык потенциалы жогору 2-өлкө. Капитал­дын эң маанилүү бөлүгү Америкада жашаган мексикалык иммигранттардын акча которуусу­нан түшөт. ИДПнин көлөмү 1 триллион 567 миллиард доллар (2010, АКШ); аны киши башына бөлүш­түргөндө 13,9 миң доллардан туура келет. ИДП­деги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 63,3, ө. ж-дыкы 30,3, а. ч-ныкы 3,5. Мененын экономи­касында нефть-газ ө. ж. башкы ролду ойнойт. Нефть (157 миллион т, 2009; Венесуэладан кийинки

Мексика булуңундагы шельфтен нефть казып алуу.

2-орунда), газ (56 миллиард м3; Латын Америка­сында 1-орунда), кара металлургия (3-), көмүр, темир (11,7 миллион т, 2007; 3-орунда), жез, корго­шун, цинк, сурьма, висмут, кадмий, молибден, ошондой эле алтын, күмүш казылып алынат. 2008-жылы 231,4 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Ө. ж-нын негизги тармагы - машина куруу (анын ичинде америкалык «Оепега! Мо1огз», «СЬгуэ1ен», «Гогс1Мо1ог», германиялык «Уо1квууа§еп», япониялык «N18- вап» автомобилдерин чогултуу өзгөчөлөнөт; те­тиктер, агрегаттар комплектенет;), ошондой эле электр-техникалык (тиричилик приборлору), электроника (те­левизор, компьютер, уюк телефону ж. б.), кара жана түстүү металлургия, нефть ажыратуу, химиялык, нефть-химиялык (жасалма каучук, химиялык була ж. б.), жыгаччылык, фармацевтика (негизинен анти­биотиктер ж. б.), жеңил (жогорку сапаттагы жинсы кездемелери, тигилүү кийимдер, бут ки­йим), тамак-аш (сүт, кант, жашылча-жемиш консервалары, балык жана деңиз) ө. ж. ишкана­лары иштейт. Сыртка пиво жана текила, кофе, жемиштер (авокадо, папайя, манго, цитрус

Мексика акчасы - мексика песосу

өсүмдүктөрү), жашылча (томат) чыгарылат. Агрардык секторунда жашылчачылык өнүккөн. Негизги азыгы - жүгөрү (аны чогултуу боюнча дүйнөдө 3- орунда). Дан эгиндери, шалы, пахта, бал ка­мыш, агава-хенекен, жер жаңгак, ананас, цит­рус, тропиктик жана субтропиктик өсүмдүктөр өстүрүлөт. Мал чарбачылыгы анча жакшы өнүк­көн эмес. Бал өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт (2009-жылы 53 миң т өн­дүрүлгөн; негизинен Европа өлкөлөрүнө чыга­рылат). Балыкчылык (жылына 1,77 миллион т) өнүккөн. Автомобиль жолунун уз. (миң км менен) 360,4 (анын 127,4 асфальтталган, 2008), т. ж-нуку 26,7 (2005), куур транспортунуку 39,2 (анын ичинде нефтиники 8,9, газдыкы 16,7; 2006). Тынч океандын жээгиндеги ири порттору: Мансани­льо, Ласаро-Карденас, Исла-Седрос, Салина­Крус, Атлантика океанындагылары - Кайо-Ар­кас, Коацакоалькос, Веракрус. Кайра иштетүүчү ө. ж-дын продукциялары (80% ке жакын), нефть (көлөмү боюнча Венесуэладан кийин 2-орунда), а. ч. продуктулары, минералдык сырьё экспорттолот. Негизги соода шериктештери: АКШ, Канада, Кытай. Туризм [анын ичинде альпинизм, үңкүр (спелео) туризми]өнүккөн.

Маданияты.

Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү 9 жылдык, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 92,8%ти түзөт (2008). Мичоакан университети (1540), Автономия университети (1587), Нуево­Леон штатындагы Автономия университети (1933), Улуттук политех. институту (1936), Улуттук педа­гогика университети (1936) ж. б. у. с. ЖОЖдору бар. Мехико ш-ндагы Улуттук тарых жана антропо­логия музейи (1939), Мичоакан (Морелия, 1886), Юкатан (Мерида, 1920), Пуэбла (1931), Нуэво­Леон (Монтеррей, 1956) ж. б. бир нече штатта­рында музейлер иштейт.

Массалык-маалымат каражат­т а р ы. «Е1 Ппгутегза!», Ьа Зогпаба, «Ехсе1в1ог», «11по шаз цпо», «Ьа Ргепеа», «КеГогта» ж. б. ири коомдук-саясий гезиттери чыгат. Радиоук­туруусу 1955-жылдан, телекөрсөтүүсү 1972-жыл­дан, ошондой эле «1п£огтас1опез Мех1сапаз (1960), «МоНшаз Мех1сапаз (1968) улуттук маалымат агенттиктери иштейт.

А д а б и я т ы.

М-да пиктогр. жазманы колдонгон жергиликтүү элдин мифтик бай адабияты бол­гон. 16-к-дан М. адабияты негизинен испан тилин­де өнүгүүдө. Алгачкы испанча адабий жазма эс­теликтерге Э. Кортестин Карл Уге жазган кат­тары (1519-26), ошондой эле Б. Диас дель Кастильо­нун («Жаңы Испанияны жеңип алуунун чыныгы тарыхы» деген хроникасы эсептелет. 17-к-дын ортосунда К. де Сигуэнса-и-Гонгора, X. И. де ла Крус сыяктуу көрүнүктүү акындар адабиятка келиш­кен. 18-к-дын ортосунан классицизм багыты жанданган (Ф. X. Клавихеро «Мексиканын ба­йыркы тарыхы», 1780; Р. Ландивар латын ти­линде «Айылдык Мексика», 1781). Азаттык үчүн күрөш мезгилинде (1810-24) революциячыл класси­цизм духундагы патриотчул поэзия, публицис­тика жанры өнүккөн. 19-к-дын башында латын америкалык тунгуч роман жаралган (X. X. Фернандес де Лисарди, «Перикильо Сарньенто», 1816). 1820-жылдары М. адабиятында романтизм калып­танып, анын башатында - М. Акуньи, Г. Прие­то («Көчө музасы», 1883) сыяктуу акындар тур­ган. Романтизм агымында тарыхый роман жа­зууга Э. Анкон, В. Рива Паласио ж. б. өңдүү жазуучулар кайрылып, X. Диас Коваррубьяс­тын «Хиль Гомес-инсурген» (1858), И. М. Альта­мирранонун «Клеменсия» (1869) аттуу романда­ры 19-к-дагы тарыхый окуяларды баяндаган. 19-20-к-да поэзияда модернизм калыптанган. М. Гутьеррес Нахера, С. Диас Мирон [«Ырлар» (1895), «Осколки» (1901), ыр жыйнактары], М. X. Отон, А. Нерво [«Жан дүйнөмдүн бак­часы», 1905] поэтикалык ырлар жыйнагы], X. X. Таблада. Мененын 20-к-дагы көрүнүктүү акындары В. Лопес Веларде, Э. Гонсалес Мар­тинес, К. Пельисердин ырларында улуттун руху ар тараптуу ачылган. 50-жылдардын 2-жары­мында проза өнүгүп, элдин турмушун чагылдыр­ган. Вуга А. Яньес («Нөшөр алдында», 1947), X. Рульфо («Педро Парамо») ж. б. жазуучулар­дын чыгармалары мисал. 1970-90-жылдарда­гы поэзияда элдин сүйлөшүү интонациясы сак­талып, аны X. Э. Печеко, О. Ардхис, Г. Саид ж. б. улантты. 20-к-дын аягы - 21-к-дын ба­шындагы көрүнүктүү жазуучулар: К. Монсивайс, Л. Эскивель, Э. Сепеда ж. б.

Архитектура жана сүрөт искусст­восу.

Байыркы мезгилде Мененын аймагында ин­дейлердин (ольмендердин, сапотектердин, майя­лардын, тотонанттардын, тольтектердин, миш­тектердин, айтектердин) көркөм маданияты өнүгүп, алардын көп сандаган архитектура ансамблдери жана эстеликтери сакталып калган. Майя эли оймо­чийме түшүрүлгөн кооз карапа, алтын буюмдар­ды жасашкан. 16-к-да испандар караткандан кийин индей шаарларынын ордуна жаңы шаар­лар курулуп, испан үлгүсүндөгү чиркөөлөр, са­райлар, ратушалар, католик мектептери (кол-

Ай пирамидасы. Теотиуакан. Биздин замандын 2-5-кылым

Пуэбл шаарындагы кафедралуу собордогу орган. 1640-жылдар.

легиялар) салынган. 17-к-дабароккоүлгүсүндөгү имараттар (Морелиядагы собор, 1640-1705; Ме­хикодогу Улуттук сарай, 1622-99), турак үйлөр, кооз чиркөөлөр ж. б. тургузулат. 18-19-к-да классицизм стили, 19-к-дын 2-жарымында архитектурада модерн стили өрүш алат. 20-к-да М.

Паленке. Майялардын башкаруучуларынын сарайы. 3-8-кылым

архитектурасында конструктивизм адегенде администрациялык има­раттарда, кийин турак-жайларда колдонулган. Имаратты жасалгалоодо живопись менен скульп­тура көбүрөөк киргизиле баштаган. 1949-54-ж. арх. К. Ласонун жетекчилиги менен университет шаарча­сынын ансамбли тургузулган. 1968-жылдагы Олимпиялык оюндарга карата көп спорт куру­луштары (Ацтек стадиону, арх. П. Рамирес Вас­кес; Спорт сарайы, арх. Ф. Кандела) салынып, жаны шаарлар пайда болгон. Сүрөт искусствосун­да 19-к-га чейин негизинен портрет жанры, живопись өнүккөн. 19-к-дын аягында пейзаж­чы X. М. Веласко, сатиралык графиканы негиз­дөөчү X. Г. Посада элдик мотивдер менен тыгыз байланышкан көптөгөн картиналарды жара­тышкан. 1910-17-ж-дагы Мексика революциясы жана коммунисттик кыймылдын өсүшү Д. Ривера, X. К. Ороско, Д. Сикейрос сыяктуу чеберлердин чыгармачылыгына шык берген. 50-60-жылдары арх­ра менен катар монументалдуу живопись да кулач

Кампечедеги храмдын скульптура менен кооздолгон фа­садынын фрагменти. 3-6-кылым

жайган. Элдик өнөр чеберлери (көбүнчө индей­лер) кооз карапа идиш жасап, кездеме токуп, сайма сайып, көркөмдөп күмүш буюм жасашат.

М у з ы к а с ы.

Майя менен ацтектердин циви­лизациясында музыка коомдук, мамлекеттик жана ди­ний мамилелерде көрүнүктүү мааниге ээ болгон.. Бүгүнкү М-да европалык жана африкалык маданияттар­дын таасириндеги көөнө музыканын айрым белгилери сакталып калган. 16-к-дын башын­да Мененын профессионал музыкасы калыптан­ган. 1527-жылы Мехикодо музыкалык мектеп ачылган. 1825-жылы композитор жана дирижёр X. М. Элиса­га Мехикодо менчик музыкалык академияны негиздеп, 1826-жылы симфониялык оркестр уюштурган. 1866-жылы кон­серватория (1877-жылдан Улуттук) ачылган. 19-к-дын ортосунда опера жанрында иштеген

Мехикодогу Улуттук ак сарай, 1692-99. Архитектор Д. Де Вальверде. 1927-жылы курулуп бүткөн.

Мехикодогу Улуттук опера.

улуттук композиторлор (С. Н. Паниагуа-и-Вас­кес, А. Ортега, М. Моралес) өсүп чыккан. Улут­тук композиторлор мектебин негиздөөчүлөр - С. Ревуэльтас жана К. Чавес (20-к-дын 1-жары­мы). Композитор М. Б. Хименес, П. Монкайо, музы­ка таануучу В. Г. Мендоса, О. Майер-Серралар Мененын музыкалык маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошушкан. Мехикодо Улуттук опера (1934), Улуттук симфониялык оркестр (1949) иштейт. Бул ор­кестр - Латын Америкасындагы симфониялык коллек­тивдердин эң мыктыларынын бири.

Т е а т р ы.

Мененын театр искусствосунун негизин байыркы индейлердин диний үрп-адаттары түзөт. 16-к-да өлкөнү испандар басып алгандан кийин Мехикодо «Колисео» (1670), «Нуэво Ко­лисео» (1735) жана Гвадалахарада (1758), Верак­руста (1787) туруктуу театрлар пайда болгон. Буларда испан авторлорунун чыгармалары кою­луп, ролдорду испан актёрлору аткарган. 1923-жылы драматургдар союзу түзүлгөн. 1946-жылы Мехикодо

С. Маганьи. «Моктесума II» спектаклинен көрүнүш. «Паласио де бельяс артес» театры. Мехико.

Улуттук көркөм искусство инт-ту (драмалык че­берчилик мектеби менен кошо) ачылган.

К и н о с у.

М. киносунун жаралышы 1896-жылы Мехикодо кинозал ачкан биринчи ки­нопрокатчы С. Тоскано Баррагандын ысмы менен байланыштуу. Туңгуч көркөм фильм 1907-жылы пайда болгон. 1910-жылы кыска метраждуу коме­диялар жана мелодрамалар коюлган. 1931-32-ж. реж. С. М. Эйзенштейндин жетекчилигинде тар­тылган «Жашасын Мексика» фильми мексика­лык кино тартуучуларга зор таасир тийгизген. 1946-жылы Мексика кинематография илими жана искусство академиясы, 1989-жылы М. кинематог­рафия институту ачылган. М-да жылына 70тен ашык көркөм фильм тартылат.

Ад.: Виво Х.А. География Мексики. М., 1951; Кин­жалов Р. В. Искусство древних майя. Л., 1968; Куль­тура Мексики. М., 1980; Галич М. История доколум­бовых цивилизаций. М., 1990; Альперович М. С„ След­кин Л. Ю. История Латынской Америки (с древней­ших времен до начала XX в.). 2-е изд. М., 1991; Боровков А. Н„ Шереметьев И. К. Мексика на новом повороте экономического и политического развития. М., 1999; Ветрова Т. Н. Латиноамериканский кинема­тограф: верша свою судьбу. М., 2010.