МЕЙОЗ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МЕЙОЗ (грекче meiosis - азаюу) - клетканын бөлүнүүсүнүн өзгөчө ыгы, натыйжада хромосомалардын саны азайып, диплоиддик абалдан гаплоиддик абалга өтөт; гаметогенездин (жыныс клеткаларынын өөрчүшү) негизги звеносу. М. ДНК репликациясынан кийин (премейоздук интерфазада) жүрөт. Анда гендердин кокустан, бири-бирине көз карандысыз рекомбинациясы жүрөт. Организмдин тиричилик циклиндеги ордуна байланыштуу М-дун 3 тиби белгилүү: зиготалык, гаметалык жана споралык. Зиготалык же башталгыч М. (көпчүлүк козу карындар менен балырларда) уруктануудан кийин зиготада жүрүп, гаплоиддүү мицелий же таллом, андан кийин споралар менен гаметалар; гаметалык же акыркы М. жыныс органдарында жүрүп, гаметалар жаралат. Споралык же аралык М. (татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө) өсүмдүк гүлдөө алдында жүрөт да, гаплоиддүү гаметофит, андан кийин гаметалар пайда болот. Жөнөкөйлөрдө М-дун 3 тиби тең болот. М. митозго караганда узагыраак өтөт. Мисалы, буудайда 24 с, чычканда 11- 14, кишиде 24 суткага созулат. Ядронун эки жолу ырааттуу бөлүнүшүнөн ДНКнын саны эки эселенет. М-дун эки жолу ырааттуу бөлүнүшүнүн ортосунда интеркинез стадиясы өтөт жана ал хромосомалардын санынын азайышы менен коштолот. Интерфазада клетканын бөлүнүүгө даярдануу процесси жүрөт. М-до митоздогудай эле профаза, метофаза, анафаза жана телофаза стадиялары өтөт (к. Митоз). Профазада гомол. (түгөй) хромосомалар жакындашып, бири бирине жабышат (коньюгация). Түгөй хромосомалардын бири энеден, экинчиси ата орга-
низминен келгендиктен, бул процесстин биол. мааниси чоң, анткени коньюгация мезгилинде эки хромосоманын ортосунда өз ара таасирлер, ал түгүл окшош бөлүктөрдү алмашуу болот. Метафазада ядро кабыгы, ядрочо жоголот. Митоздук аппарат калыптанат. А н а ф аз а д а түгөй хромосомалар бири биринен ажырап, клетканын уюлдарына өтөт. Т е л о ф аз а д а эне клетканы эки жаш клеткага бөлгөн тосмо пайда болот. Андан ары жаш клеткалардын бөлүнүүсү митозго окшош. Жаш клеткалардагы спираль абалындагы хромосомалар экватордук тегиздикте жайгашат да, эки хроматидге (жаш хромосомаларга) ажырайт. Жаш клеткаларда ядрочо, ядронун кабыгы калыптанат, хромосомалардын буралуусу жанып, жипче формага айланат. Бул учурда клетканы тең экиге бөлгөн пластинка (өсүмдүктө) же мембрана (жаныбарда) пайда болот. Ушуну менен М. бүтөт да, пайда болгон 4 жаш гаплоиддүү клеткалар интерфаза абалына өтөт.
Ад.: Генетика, биохимия и цитология мейоза. М., 1982; Ченцов Ю. С. Введение в клеточную биологию. 4-е изд. М., 2004.
