МЕДЕТОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска

МЕДЕТОВ Сейдалы (17. 5. 1928, азыркы Нарын обл., Жумгал району, Түгөл-Сай айылы - 1958,

Фрунзе) - композитор, комузчу. Атайдын ша­кирти. 12 жашынан Нарын элдик театрында

Кыргыз филармониясында комузчу болгон. 1944-49-ж. Фрунзедеги М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын виолончель жана дирижёр­лук класстарында окуган. 1949-жылы Москвадагы Чай­ковский атындагы консервато­риянын улуттук студиясын­да композиция классын бү­түргөн. 1958-жылы аба кырсы­гынан мезгилсиз дүйнөдөн

кайткан. 1950-58-ж. «Майрамдык увертюра», фортепьяно үчүн «Скерцо», эл аспаптар оркест­ри үчүн «Пахтачы кыздын бийи» аттуу симфониялык оркестр үчүн сюитаны, «Бактылуу Кыргызстан», «Токтогулдун арманы», «Кең Ала-Тоо» хорло­рун, «Какшаалдан кат» ж. б. ырларды, «Алар Тянь-Шанда төрөлгөн» даректүү фильминин му­зыкасын ж. б. чыгармаларды жазган. Ысмы Түгөл-Сай орто мектебине ыйгарылган.