МЕДАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска

МЕДАН - Индонезиядагы шаар. Суматра а-нда жайгашкан. Түндүк Суматра провинциясынын администрациялык борбору. Суматра а-нын түндүк-чыгышында, Ма­лакка кысыгынын жээгинде жайгашкан. Кал­кы 1,8 миллион (2010; Суматра а-ндагы эң ири, кал­кынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар; агломерация­сы менен 4,4 миллион, ири шаарлары: Перчу-Сей-Туан (калкы 408,7 миң), Бинжай (273,0 мин), Перба­унган (220,4 миң). Жол-тоому. Зл аралык аэро­порту бар. Т. ж. аркылуу аралдын түндүгүндөгү шаарлар менен катташат. Мененын деңиз аванпор­ту - Белаван (жылына 10 миллион т жүк ташылат; негизинен пальма майы экспортко чыгарылат). 1590-жылы Медан султандыгынын борбору катары

негизделген. 1872-1945-жылы Ост-Индиядагы Ни­дерланд ээлигинин курамында, 1886-жылдан администрациялык борбору болгон. 1918-жылдан шаар стату­суна ээ. 19-20-к-дын курулуштары: султан Ис­тана Маймундун ак сарайы (1891), Тжонга Финин тургун жайы (1900), Масжид-Рая мечи­ти (1906; өлкөдөгү эң ири), шаар ратушасы (1908), суу басым мунарасы (1908), почтамт (1909-11), банк имараты (1910) сакталган. Шаардын экономикасында маанилүү орунду тейлөө чөйрөсү ээлейт. Тамеки, тамак-аш (паль­ма, кокос майы, жемиш консервалоо), текстиль, тигүү, кара металлургия (бир нече электр, бо­лот эритүүчү заводдор; жылына 250 миң г), химиялык (накта каучукту иштетет, шина, резина-техникалык буюмдар), фармацевтика, жыгаччылык, целлю­лоза-кагаз ө. ж. ишканалары иштейт. Өлкөнүн илим жана билим очогу. Университеттер (анын ичинде менчик Ислам, Ыйык Фома католик ж. б.) жана университеттер­дин кампустары, ИИИ (пальма майы) бар.

Шаардагы башкы мечит.