МЕГАТЕРИЙЛЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска

МЕГАТЕРИЙЛЕР (Ме^аШепит) - сүт эмүүчү­лөрдүн кем тиштүүлөр түркүмүнүн тукуму ку­рут болгон уруусу; кургакта жашоочу эң ири илендилер. Жогорку плиоцен - плейстоценден белгилүү, Түштүк жана Түндүк Американы мекендеген. Денеси өтө чоң (Узундугу 6 лгге жеткен), буту кыска болгон. Арткы бутуна туруп, жоон куй­ругуна таянып, өсүмдүктүн жалбырагы жана жаш бутактарын үзүп, азыктанган. Бешке жакын түрү болгон.