МВАНЗА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МВАНЗА - Танзаниянын түндүк-батыш бөлүгүн­дөгү шаар. Мванза облусу администрациялык борбору (1963- жылдан). Виктория көлүнүн түштүк жээгинде жайгашкан. Калкы 581,2 миң (2010; калкынын саны боюнча өлкөдөгү Дар-эс-Саламдан кийинки 2-шаар). Ири жол тоому. Виктория көлүндөгү порт (Танзания, Уганда жана Кениянын көл порт­тору менен т. ж. парому аркылуу байланышат). 1892-жылы негизделген. 1-дүйнөлүк согушта Бри­тания аскерлери басып алган (1916). 1920-жыл­дан Танганьиканын (Улуттук Лиганын манда­ты менен башкарылган, 1946-жылдан БУУнун камкордугуна алынган аймак; 1961-жылдан көз каранды эмес өлкө) курамында. 1920-жылы шаар­дын айланасынан алтындын кору табылган. 1928-ж Табор ш. менен т. ж. байланышы ачыл­ган. Тоо кен казуу (алтын) жана ири а. ч. району­нун (негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү - жүгөрү, маниок, батат, ак жүгөрү; гозо, тамеки, кофе дарагы өстүрүлөт; мал багылат; сыртка пахта, тамеки, кофе, тирүү мал чыгарат) соода-бөлүш­түрүүчү борбору. Транспорт контейнер өндүрүшү, текстиль, булгаары - бут кийим, тамак-аш (ун ж. б.) ө. ж ишканалары иштейт. Самын кайна­тылат. Балык кармалат жана беленделет. Улут­тук медицинаны изилдөөнүн илимий борбору (1960), университет,.коллеждер (бизнес, саламаттыкты сактоо), калк китепканасы (1935), маданий борбору жана сукуми элинин музейи (1968) бар. Туризм өнүккөн.