МАЯТНИК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска
МАЯТНИК - кыймылсыз чекиттин же октун айланасында тышкы күчтөрдүн таасири менен термелүүчү катуу нерсе. М-тин термелүү огу нерсенин оордук борбору аркылуу өтпөөгө тийиш. Жөнөкөй М. уз. I болгон жипке асылган, салмагы жеңил
жүктөн турат. Эгерде жүктүн өлчөмү жип. узундугунан кичине болсо, ал жип чоюлбайт деп эсептеп, жүктүн өлчөмүн эске албай материалдык чекит катары карасак, анда матем. М. болуп эсептелет (а сүрөт). Эгер термелип жаткан нерсе материалдык чекит болбосо, анда физикалык М. болуп эсептелет. Математикалык М. - эгерде М-ти тең салмактуу абалынан С чекитине алып барып, кандайдыр бир ылдамдыкта коё
берсе, М. тик тегиздикте термеле баштайт жана С чекити айлананын жаасы боюнча кыймылдайт.
Бул учурда М-тин абалы координата (<р) бурчу менен аныкталат. Жалпы учурда М-тин термелиши гармониялык болбойт жана термелүү мезгили Т амплитудага көз каранды. Эгер М-тин кыйшаюусу аз болсо гармониялык термелүү жасайт жана анын термелүү мезгили Т = 2т^1/ § , мында § - эркин түшүүнүн ылдамдануусу. Физикалык М. - оордук күчүнүн таасири менен асманын горизонталь огунун айланасында термелүүчү катуу нерсе. Мындай М-тин кыймылы айланма математикалык М-тин кыймылына толук окшош. Кыйшаюу бурчу <р кичине болсо, гармониялык термелүү жасайт жана термелүү мезгили Т = 2п^1 / М§1, мында I - асманын огуна салыштырмалуу М-тин инерция моменти, I асманын огунан (О) оордук борборуна (С) чейинки аралык, М - М-тин массасы. М-тин касиеттери сааттарда, нерсенин оордук күчүнүн ылдамдануусун, инерция моментин аныктоочу приборлордо, гироскопиялык түзүлүштө ж. б. кеңири колдонулат (к. Фуко маятниги).
