МАХАЧКАЛА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска
МАХАЧКАЛА (1857-1922-жылы ПетровскП о р т) - Дагстан Респ-нын борбору. Россиядагы шаар. Чоң Кавказдын этегинде жайгашкан. Каспий деңизинин батыш жээгиндеги порт. Түркмөнбашы (Түркмөнстан) жана Ак-Тоо (Казакстан) порттору менен үзгүлтүксүз т. ж. жана паром катташы бар. Калкы 469,0 миң (2010). Т. ж. бекети. Эл аралык аэропорту бар. М. аркылуу «Кавказ» федерациялык автомагистралы (Краснодар - Грозный - Махачкала - Азербайжандын чек арасы) өтөт. Эл аралык аэропорту - Уйташ. 1857-жылдан Петровск порт шаары, 1860-жылдан Дагстан облусу уезддик шаары. 1921-94-ж. Дагстан АССРинин, 1994-жылдан Дагстан Респ-нын борбору. М. - Дагстандын алдынкы ө. ж. борбору. Машина куруу [анын ичинде Гажиев атындагы завод (кеме башкаруучу тетиктер, насос, куур, ийкемдүү металл түтүктөр), «Авиаагрегат» (аэродром жабдуулары, самолётторду жерден тейлөөчү каражаттар, авиатехника, жеңил машина үчүн ж. б.)], нефть ажыратуу («Каспий-1»), эмерек («Каспий»; мектептер жана медициналык мекемелер үчүн), кебез-кездеме («Каспийская мануфактура»; катуу марля), тор кездеме, байпак-батек буюмдар («Дагтекстиль»), тери өңдөөчү, жүн жана мех, металл иштетүү, химиялык, текстиль, тамак-аш, курулуш материалдар ө. ж. ишканалары, «Эльгав» (микросхемалар, транзисторлор ж. б.), «Дагтелекомс» (үн жазуучу аппараттар), «Сапфир» ИИИ (автомат радиопеленгаторлор), айнек була өндүрүшү, «Каспийвинпром», шампан-шарал жана спирт заводдору иштейт. Пиво кайнатылат. Минерал суулар куюлат. Шаардын экономикасындагы негизги тармактардын бири - транспорттук кызмат көрсөтүү. М. - Каспий деңизиндеги тонбогон жалгыз порт (2008-жылы 5 миллион гжүк ташылган). Россия ИАнын Дагстан илимий борбору (10дон ашуун илимий мекемени камтыйт), 5 ЖОЖ (анын ичинде Дагстан университети), а. ч. жана медициналык академиялары, 23 мамлекеттик эмес ЖОЖ (анын ичинде филиалдар), китепканалар, 5 театр (анын ичинде опера жана балет), «Лезгинка» бий ансамбли, музейлер, эстеликтер ж. б. бар. Дагстан революционери Махач Дахадаевдин ысмынан аталган. Эл аралык фольклор жана «Горцы» салттуу маданият (2004) фестивалдары өткөрүлүп турат.