МАТЬЁ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:09 учурдагы нуска
МАТЬЁ Мирей (22. 7. 1946-жылы туулган, Авиньон) - фр. эстрада ырчысы. Атайын музыкалык билим алган эмес. Композитор, пианист П. Мориадан сабак алган. 1864-жылы шаардык ыр конкурсунда жеңишке жетип, 1965-жылы телекөрсөтүүгө ырдап чыккан. 1966-жылы «Олимпия» залындагы концерти зор ийгиликке ээ

болгон. М-дин стилин калыптанышына белгилүү шансон ырчы Шевалье зор таасир тийгизген. Көптөгөн чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. СССРге (биринчи жолу 1967-жылы) жана РФке бир нече жолу келген, 1975-жылы НьюЙоркто Карнеги-холдо ырдаган. Репертуарын француз композиторлорунун (Ж. М. Жарра, Ф. Лея, М. Легран, П. Мориа ж. б.) ырлары, дүйнөлүк ыр маданиятынын шедеврлери түзөт. 70ке жакын альбому бар. «Журналист» кинофильмине тартылган (1967, реж. С. А. Герасимов), Ардактуу Легион ордени менен сыйланган.