МАТЕРИКТИК ТАЙЫЗДЫК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МАТЕРИКТИКТАЙЫЗДЫК, сайроон-материк жээгинин суу алдындагы тайыз түздүгү. Генезиси боюнча материк платформасынын уландысы. Жазылыгы бир нече кл«ден 130 кмге чейин. Дүйнөлүк океандын түбүнүн 8%ке жакынын ээлейт. Мурда М. т-тын сырткы чеги 200 м тереңдикте деп эсептелсе, кийинки изилдөөлөрдүн натыйжасында анын сырткы чеги 1500- 2000 м терендиктен өтө тургандыгы аныкталды (мисалы, Охота деңизинин Түштүк Курил чуңкуру жана Жаңы Зеландиянын жээги). М. т-та материктен келген ар кандай үбөлөндү чөкмөлөр көп чогулат жана анын суусу организмдерге бай келет. Түбүнөн түрдүү кен байлык (нефть, газ ж. б.) казып алынат. М. т. - Дүйнөлүк океандын балыкка өтө бай бөлүгү, к. Шельф.