МИФТАКОВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 19:46 учурдагы нуска
МИФТАКОВ Каюм (28. 6. 1892, Уфа губерниясы, азыркы Башкыртстан, Салават району, Нимбаш айылы - 1949, Фрунзе) - педагог, фольклорист, кыргыз эл оозеки чыгармаларын жыйноочу. Башкыртстандагы «Расулия» диний
мектебинен окуган. Эл оозеки чыгармаларын жыйноо ишин 1907-жылы казак жеринде мугалимдик кылып жүргөндө баштаган. Кыргызстанга 1916-жылы келген. Бул жерде эл оозеки чыгармаларын жыйноого Совет бийлиги орногондон кийин активдүү киришкен. 1920-жылы Таластын Грозный районунда мек-

теп инспектору болуп жүрүп, ал аймактагы акындардан, жомокчулардан лирикалык ырларды, санжыраларды, жоө жомокторду, дидактикалык чыгармаларды жазып алган. 1921-жылдан Ысык-Көлдүн азыркы Тоң районундагы жети жылдык мектепте директор болуп, туңгуч эл адтын жыйноо ийримин уюштурган. 1922-жылы АтБашы, Тогуз-Торо, Кочкор, Эки Нарындын башына чейин кыдырып, элдик чыгармаларды жыйнаган. С. Орозбаковдон «Манас» эпосун жазып ала башташы да ошол мезгилге туура келет. 1938-45-ж. Ж. Кожековдон «Ак Мөөр» менен «Семетей» эпосун кагазга түшүргөн. 1947-жылы Ноокат жана Алай р-ндорунда болуп, 4 ай бою кыргыз этнографиясы, тарыхы, фольклору боюнча материалдар жыйнаган. М. кыргыз фольклорунун ар түрдүү жанрларын жазып алуу (жыйноо) жагынан өтө чоң эмгек сиңирген. Анын оозеки мурастардын көркөм табияты, идеялык өзгөчөлүктөрү, эл турмушундагы мааниси жөнүндө жазган макалалары 1920-жылдары Алматыда чыккан «Жети-Суу правдасы», «Тилчи», «Ак жол», Кыргызстанда чыккан «Эркин Тоо», «Советтик Кыргызстан» гезиттерине басылып турган.
Ад.: Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973.