МИРОШНИЧЁНКО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 19:46 учурдагы нуска

МИРОШНИЧЁНКО Николай Прокофьевич [20. । 10. 1920, Ставрополь крайы, Петровск кыш. \азыркы Светлоград ш.) - 8. 4. 1945, Чыгыш Пруссия] - Советтер Союзунун Баатыры (1945), гвардия­нын улук лейтенанты. Фрунзе коммуналык-куру­луш окуу жайын жана аэро­клубун, Чкалов ш-ндагы учкучтардын аскердик авиа­ция мектебин бүткөн. 1940- жылдан Советтик Армияда. 1942-жылдын июнь айынан Улуу Ата Мекендик согуш­ка катышып, Ленинград, Беларус фронтторунда сал­гылашкан.

34-гвардиялык бомбалоочу авиациялык полктун эскадрилья­сынын (З-Беларус фронту, 1-аба армиясы, 276- бомбалоочу авиациялык полк) командири. 1945-жыл­дын март айына чейин 160 согуштук учуш жа­сап, душмандын согуш объектилерин, т. ж. станцияларын, аскерлерин жана техникасын жок кылган. Ленинградды курчоодон бошотушуп, Ленинград обл-н, Советтик Карелияны, Советтик Эсто­нияны душмандан тазалашкан. Чыгыш Прус­сияда немистердин коргонуусун бузууга, Кёниг­сберг - Браунсберг районунда душмандын курчоо­го алынган тобун жок кылууга көмөктөшкөн. Согуштук тапшырма аткарууда курман болуп, сөөгү азыркы Калинин обл-ндагы Пушкин кыш­на коюлган. Ленин, Кызыл Туу, Александр Не­вский, Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Ме­кендик Согуш ордендери менен сыйланган. Свет­лоград ш-нда бюсту орнотулган. Москва р-нун­дагы Садовое мектебине ысмы ыйгарылган.