МИРЗАХИДОВА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 19:46 учурдагы нуска
МИРЗАХИДОВА Миясар (17. 9. 1961-жылы туулган, Жалал-Абад ш.) - тилчи, түрколог, доцент (2006), проф., филология илимдеринин доктору (2011). КРдин эл агартуусунун отличниги (2006). Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын (1980), Өзбекстандагы Анжиян педагогикалык институтун (1989) бүтүргөн. ЖалалАбад ш-ндагы № 2-мектептин мугалими (1980- 89), Сузак р-ндук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери (1989-91), Жалал-Абад обл. Бишкек билим берүү институтунун лектору (1989-99), Жалал-Абад обл. билим берүү башкармалыгынын илимий борборунда бөлүм башчы (1991-98), ЖАМУда окутуучу (1993), кафедра башчысы (1996; 2010- 12), ошол эле окуу жайда кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу борборунда окутуучу (1989-2009), Өзбек бөлүмүнүн башчысы (1999), ЖАМУнун проф. (2012- жылдан).
Эмг.: Кыргызский язык. 3-класс. Таш., 1998; Лексикология. Жалал-Абад, 2005; Морфологиялык категориялардын система катары табияты. Б., 2008.