МИҢ-ЖЫЛКЫ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 19:46 учурдагы нуска
МИҢ-ЖЫЛКЫ МӨҢГҮСҮ - Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы эки мөңгү. Ысык-Ата капчыгайынын төрүндө (батыш тарабында) жайгашкан. Башы деңиз деңгээлинен 4800-4840 м, этеги 4240-4260 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4070 м; абляциясынын жалпы аянты 3,0 км2. Аянтынын 20%тейи мореналар менен капталган. Мөңгүлөрдөн Миң-Жылкы өзөнү (ЫсыкАта суусунун башы) башталат. Экол. абалы жакшы. Этегиндеги ысык жана минералдуу булактарды Ысык-Ата курорту пайдаланат.