«МИҢ БИР ТҮН»: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 19:46 учурдагы нуска
«МИҢ БИР ТҮН» - о. кылымдагы араб адабиятынын жомоктордон, аңгемелерден, новеллалардан куралган адабий эстелиги. Дүйнөлүк көркөм мурастын төрүнөн орун алган бул чыгарманын негизги сюжети зулум падыша Шарияр жана анын вазиринин амалкөй кызы Шахразада жөнүндөгү жомокко түйүндөлгөн. Анын кыскача сюжети: ак нике аялынын бузукулугунан улам жаны кашайган падыша адегенде аялынын башын алып, андан кийин өз жергесиндеги бой тарткан кыздардан күндө бирди алдырып келип жатып, күн чыгарбай башын ала турган болот. Падышалыкта колго алар кыз калбагандан кийин вазир өзүнүн тун кызы Шахразаданы жетелеп келүүгө аргасыз болот. Айлакер Шахразада алгачкы түнү эле падыша көңүлүн жомокко уютуп, күн чыкканча уктатып салат. Жомоктун кызыгына баткан падыша миң бир түнгө чейин кулак түрүп олтура берет. Шахразаданын эркине багынат. Акыры ал анын сүйүктүү аялы болуп калат. «М. б. т-дүн» мазмуну көп кырдуу социалдык чөйрөнү кучагына камтыйт: Багдад халифатынын турмушун баяндайт, өң карама казылар менен эки жүздүү дин кызматкерлеринин адилетсиздиги ашкереленет, анда элдик кулк-мүнөздүн ажары өзгөчө ширелүү тил менен ачылат. Окумуштуулар менен адабиятчылар бу жомок «Миң жомок» («Хезар афсане») деген ат менен инди тилинде жаралып, кийин (9-кылым) фарсы тилине которулса керек деп
болжолдошот. «М. б. т-дү» араб иезуити Сальхани ашык сөз, артык баш туюнтмалардан арылтып, 19-к-да кайра басып чыгарган. Кийин Европадагы калктардын тилине которууда ошол текст чоң кызмат кылган. «М. б. т-дү» толугу менен орусчага которуу 1929-39-ж. ишке ашкан. 8 томдугу М. Горькийдин баш сөзү, академик И. Ю. Крачковскийдин редакциясы менен жарыкка чыккан. Анын тандамал жомоктору кыргызчага которулуп, 1956-, 1975-жылы массалык нускада басылган. «М. б. т.» көп элдин фольклоруна өтө чоң таасир тийгизген. Анын сюжети боюнча «Багдад уурусу» (1924, АКШ), «Синбаддын жетинчи саякаты» (1958, АКШ), «Алладиндин ыйык чырагы» (1967, СССР) деген фильмдер жаралган.