МИНЕРАЛДУУ СУУЛАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 19:46 учурдагы нуска
МИНЕРАЛДУУ СУУЛАР - жер астынан чыккан, дарылык касиети бар суулар. Курамында биол. активдүү минералдык заттардын көптүгү жана физикалык-химиялык өзгөчө касиеттери менен айырмаланат. Негизинен жер бетине сиңген жана чөгүндү түрдө сакталып калган байыркы деңиз сууларынан пайда болот. Кээде метаморфизм процессинен, магманын таасиринен тоо тектеринин кристаллдык торчолорундагы конституциялык суулар бошоп чыгып, М. с-га айланат. М. с-дын химиялык курамы ошол аймактын геол. түзүлүшүнө, тектоникалык өзгөчөлүгүнө, литологиясына геотермдик шартын, ал эми газдык курамынын калыптанышы метаморфизм жана магмалык процесстерге байланыштуу болот. Мында жеңил учуп кетүүчү заттар өз алдынча бөлүнүп чыгып, жер астындагы сууларга кошулат. Мындай суулар агрессивдүү келип, тоо тектериндеги кээ бир минералдарды эритиц, суу минералдашат (башкача айтканда mysдууланат). Жер кыртышынын кычкылдануу процесси күчтүү жүрүүчү үстүнкү зонасында суулар атм-дагы азот, кычкылтек, көмүр кислотасы (аз санда) менен каныгат. Көмүртек-суутек, күкүрттүү суутек газдары жер кыртышынын терең бөлүгүндөгү калыбына келүү процессинде пайда болот. М. с. жер бетине булак болуп агып чыгат. Кээде бургулап чыгарылат. Адам баласына М. с-дын курамындагы эриген заттардын комплекси таасирин тийгизет. Эриген абалдагы биол. активдүү элементтердин суммасы 1 л сууда г менен берилет. Алар эриген заттардын санына жараша өтө аз (1-2 г/л), аз (2-5 г/л), орт. (5- 15 г/л), көбүрөөк (15-30 г/л), mysдуу (35- 150 г/л), ачуу mysдуу (150 г/лден көп) түрлөргө бөлүнөт. Иондук курамы менен температурасы боюнча да бири-биринен айырмаланат. Курорттордо ичүү, тамакты чайкоо, ваннага жана бассейнге түшүү үчүн колдонулат. Кыргызстан М. с-га өтө бай. Курамы ар кандай болгон бардык типтеги суулар кездешет.