МИЛОШ Чеслав: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 19:46 учурдагы нуска

МЙЛО1П Чеслав [30. 6. 1911, Ковен губ., Ше­тейны чарбагы (азыркы Литва, Каунас уезди, Кедайн району, Шетеняй кыш.) - 14. 8. 2004, Полына, Краков] - поляк акыны, котормочу, эссеист. Вильнодогу Сигизмунд атындагы гимназия­ны, Стефан Батория атындагы университетти бүтүргөн (1934). 1951-жылдан эмиграцияда (Франция, АКШ). 1930-жылы «Үшүгөн мезгил жөнүндө поэма» деген биринчи ырлар жыйнагы жарыяланган. «Үч кыш» (1936), «Аманкалуу» (1945), «Экинчимей­киндик» (2002), «Орфей жана Эвридика» (2003) поэмаларынын, «Кулга айланган акыл-эс» (1953) эссе жыйнагынын, «Менин көчөлөрүмдөн баш­тап» (1985), «Мезгил менен саякат» (2004) ыр жыйнактарынын автору. У. Шекспир, У. Уит­мен, Ш. Бодлер ж. б. сүрөткерлердин чыгарма­ларын поляк тилине которгон. Нобель сыйл. лауреаты (1980).