МЕТАСОМАТОЗ КЕНДЕРИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 19:46 учурдагы нуска
МЕТАСОМАТОЗ КЕНДЕРИ - метасоматоз процессинен пайда болгон минерал чогундулары. Магмадан бөлүнүп чыккан өтө жогорку темпрадагы ысык суу буулары жер кыртышынын терең бөлүгүндөгү тоо тектерге таасирин тийгизип, аларды массага айландырат. Натыйжада, химиялык реакция жүрүп, жаңы минералдар келип чыгат. Көбүнчө карбонаттуу тектер (акиташ теги, доломит) орун алган чөйрөдө активдүү жүрөт. Татаал түзүлүштөн турат да, зоналуу кенташ кабаттарына айланат. Өз ичинен жогорку, орт., төмөнкү температуралуу зоналарга бөлүнөт. Жогорку температуралуу М. к-не түстүү, кара, сейрек учуроочу металлдардын скарны менен грейзени кирет. Орт. температуралуусуна коргошун, цинк кенташтарынын гидротермдери, төмөнкү температуралуусуна жез менен урандын инфильтрация кендери мисал болот.
Ад.: Татаринов П. М. Условия образования месторождений рудных и нерудных полезных ископаемых. М., 1963; Ермолов В. А. и др. Месторождения полезных ископаемых. М., 2001.