МЕРИСТЁМА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 19:46 учурдагы нуска
МЕРИСТЁМА (грекче meristos - бөлүнүүчү) - өсүмдүктөрдүн бөлүнүү жана жаңы клеткаларды пайда кылуу жөндөмдүүлүгүн узакка сактаган түзүүчү тканы. Өсүмдүктүн же анын органынын тыным абалынан башка мезгилинде М. клеткалары тынымсыз бөлүнүп турат. Натыйжада өсүмдүк өсүп, массасы чоңоёт. Пайда болгон клеткалардын кээ бири өсүп, белгилүү өлчөмгө жеткенден кийин дагы бөлүнүп, М-лык клетка бойдон калат, көпчүлүгү туруктуу ткандардын (жабуучу, механикалык, өткөргүч, негизги ж. б.) клеткаларына айланат. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө чоку жана каптал М. болот. Чоку М. сабак менен тамырдын узунунан өсүшүн камсыз кылат. Каптал М. камбий клеткаларынын бөлүнүшүнөн өсүмдүк жооноюп, туурасынан өсөт.