МЕКСИКА ТАЙПАК ТООСУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 19:46 учурдагы нуска
МЁКСИКА ТАЙПАК ТООСУ Түндүк Америка Кордильерасынын ички алкагын түзөт. Басымдуу бөлүгү Мексикада, ошондой эле АКШнын түштүгүндө жайгашкан. Ири бөксө тоолордон жана аны чыгышынан, батышынан жана түштүгүнөн курчаган Чыгыш Съерра-Мадре, Батыш Съерра-Мадре, Тууралжын Жанартоолуу Съеррадан (мындагы негизги аракеттеги жана өчкөн жанартоолору: Орисаба, Колима, Попокатепетель, Истаксиуатль, Парикутин ж. б.) турат. Түндүгү акырындык менен Улуу mysдуктөргө жана Колорадо платолоруна өтөт. Басымдуу бийиктиги 1000- 1200 м, эң бийик жери 5700 м (Орисаба жанартоосу). Ички бөлүгүн Түндүк Меса жана Борбордук Меса платолору ээлейт. Негизинен акиташ теги, кумдук, мергель тоо тектеринен түзүлгөн; лава жана аллювий-делювий чөкмөлөрү да кездешет. Түстүү жана асыл металлдардын кендери бар. Климаты тропиктик, түштүк бөлүгүнүкү Мексика булуңунун жайкы пассатынын таасиринен жумшак, нымдуу, түндүгүнүкү кургакчыл, континенттик. Айлык орт. температурасы 9-14°Сден 15- 20°Сге (минимуму -20°Сге) чейин. Жылдык жаан-чачыны түндүк жана ички аймактарында 200- 400 лоеден, тоолорунун тышкы капталдарында 2000-3000 ммте чейин. Түндүгүндө суулары убактылуу агат, ири дарыясы - Кончос. Түштүгүндөгү дарыялардын суусу мол, көлү көп. Кургакчыл түндүгүнүн топурагы жөнөкөй, көбүнчө үбөлөнүүдөн аз өзгөргөн гипстүү жана карбонаттуу катмарлардан турат. Түштүгүндө алар акырындап тоонун боз, бозомук-күрөң, тропиктик өскүлөң саваннанын күрөң жана кызыл топурактарына өтөт. Тайпак тооонун түштүгүндөгү басымдуу бөлүгүндө жана четки кырка тоолордо тоонун күрөн топурактары басымдуу. Өсүмдүктөрүнүн 8 минден ашык түрү - эндемиктер. Түндүгүндөгү кактус (500дөй түрү бар), агава (140 түр), юкка, тикендүү бадалдар өскөн сейрек токой, түштүгүндө кылкандуу өсүмдүктүү жана акация, амарант, индиго ж. б. өсүмдүктөрдөн турган сейрек токойлуу саванна менен алмашат. Түштүк бөлүгүндөгү айдарым капталдарын нымдуу тропик токою ээлейт. Деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктикке чейин жазы жылбырактуу токой (дайыма жашыл эмен, чынар ж. б.) басымдуу. 1000-
2000 м бийиктиктердин аралыгын ээлеген аралаш токой жогорулаган сайын ийне жалбырактуу токой (кызыл жана көк карагай) менен алмашат. 4000-4500 м бийиктик аралыгына субальп жана альп шалбаасы мүнөздүү. М. т. т-нун аймагында жалпысынан калк сейрек, түштүк бөлүгүнүн күрдүү өрөөндөрүндө жана чуңкурчактарында Мексиканын калкынын жарымына жакыны отуракташкан.
Ад.: Игнатьев Г. М. Северная Америка. Физическая география. М., 1965; Физическая география материков и океанов/Под редакциялык А. М. Рябчикова. М., 1988.