МЕДВЕДЕВ Дмитрий Анатольевич: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 19:46 учурдагы нуска
МЕДВЕДЕВ Дмитрий Анатольевич (14. 9. 1965- жылы туулган, Ленинград) - Россиянын мамлекеттик жана саясий ишмери, РФтин президенти (2008-12). Юридика илимдеринин кандидаты (1990). РФтин 1-класстагымамл. кеңешчиси(2000). 1987-жылы Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1988-99-ж. ЛМУда окутуучу, 1999-2000-жылы РФ Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары, РФ президентинин администрация башчысынын орун басары, 2000-жылдан 1-орун басары, ошол эле мезгилде «Газпром» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы (2000-
01, 2002-08; 2001-02-ж. директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары), 2003-05-ж. РФ президентинин администрация башчысы, 2005- 08-ж. РФ Өкмөтүнүн төрагасынын 1-орун басары, 2012-жылдан РФ Өкмөтүнүн төрагасы (премьер-министри). Ленинград шаардык советинин төрагасынын (А. Собчактын) кеңешчиси (1990-95). РФтин Коопсуздук кеңешинин мучөсү (2003). РФ президентине караштуу Артыкчылыктуу улуттук долбоорду жана демография саясатын ишке ашыруу

боюнча кеңештин президиумунун төрагасынын 1-орун басары, төрагасы (2005-08). Санкт-Петербург мамлекеттик, Дүйнөлүк экономика жана дипломатия, Баку, «Коре» (Корея) университеттеринин ардактуу доктору. 2007-жылы анын жетекчилиги менен Россияда мектептерди (59 миң) интернетке кошуу долбоору аяктаган. 2008-жылы күзүндө дүйнөнү финансы кризиси каптаган шартта М. экономиканы модернизациялоо (Москвада эл аралык финансы борборун ачуу, жеке ишкерлерди колдоо үчүн инвестициялоо шартын жеңилдетүү, ипотекалык кредитке байланыштуу, камсыздандыруунун учурга ылайык моделин өнүктүрүү, менчик укугун коргоо боюнча майнаптуу соттук коргоо чараларын ишке ашыруу, аскердик, социалдык ж. б. реформалар) демилгеси менен чыгып, өлкөнү дүйнөлүк финансылык кризистин апаатынан сактап калган. «Фемида» эл аралык сыйл. лауреаты (2007). «Жарандык укук» үч томдугунун автору.