МАТЕРИАЛДЫК БАЛАНС: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:40 учурдагы нуска
МАТЕРИАЛДЫК БАЛАНС - материалдык ресурстардын көлөмүнө ылайык алардын кирешечыгаша булагын жана масштабын каттаган баланс. Ал каралуучу объектинин белгиленген убакыт чөлкөмүндө мурдакы же учурдагы жыйналган заттардын киреше-чыгаша катышын мүмкүнчүлүк эсеби аркылуу карайт. Баланстын таблицасы эки бөлүктөн турат. Биринчисинде ошол продукту боюнча ресурстардын пайда болуучу булактары - мезгилдин башталышына карата калдыктар, отчёт берилүүчү мезгилдеги өндүрүү, импорт ж. б. ресурстардын келип түшүшү көрсөтүлөт. Экинчисинде - ресурстарды пайдалануунун негизги багыттары - өндүрүштүк-эксплуатациялык муктаждыктар, курулуш, рыноктук фонд, рынок, экспорт, башка чыгымдар, жылдын аягына карата калдыктар көрсөтүлөт. М. б. айрым техникалык операциялар үчүн да эсептелинет. Мисалы, геологияда нефть жана газ кендеринин динамикалык моделин түзүүдө ж. б.