МАТЕМАТИКА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:40 учурдагы нуска
МАТЕМАТИКА (грекче таПгзтайкё, таИгзта - илим) - чыныгы дүйнөнүн сандуу катыштары жана мейкиндик формалары жөнүндө илим. Көрүнүктуү орус математиктери А. Н. Колмогоров менен А. Д. Александров М-нын өнүгүүсүн шарттуу түрдө 4 доорго бөлүшкөн; 1) М-нын п а й д а б о л у ш у жана к а л ы п т а н ы ш ы (биздин заманга чейинки 6-5-кылым). Буюм саноо натуралдык сандар арифметикасынын жөнөкөй түшүнүктөрүн пайда кылган. Андан кийин бара-бара натуралдык сандар менен болгон амалдарды аткаруу ыктары өздөштүрүлгөн. Аянт жана көлөмдү ченөө, курулуш техникасынын, кийинчерээк астрономиянын талаптары геометриянын алгачкы негиздерин өнүктүргөн; 2) элементардык математика доору (биздин заманга чейинки 6-5-к-дан биздин замандын 17-к-нын башталышына чейин). М. бул убакта Байыркы ГрекиЯда өз алдынча илим катары түзүлгөн. Грек геометриясынын башталышы Фалес Милетскийдин жана Пифагор Самосскийдин ысымдары менен байланыштуу. Элементардык М-ны негиздөөдө Архимед, Евклид, Эратосфен, Герон, Диофант, Птолемей, Гиппарх, Менелайлардын салымы чоң. Элементардык М. Кытай, Индия, Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш, Батыш Европа, ошондой эле Россияда да өнүккөн. Борбордук Азияда жана Чыгышта илимдин өнүгүшү 9-15-к-га туш келет. 9-к-да Мухамед бен Муса Хорезми алгебраны биринчи ирет өз алдынча илим катары негиздеген. «Алгебра» термини Хорезминин «Аль-джебр ва альмукабала» деген эмгегинин аталышындагы биринчи сөздөн келип чыккан. Борбордук Азиялык улуу илимпоз Абу Райхан Мухамед ибн Ахмед аль-Беруни (10- 11-кылым) Жердин айланасынын узундугу 40180 км деп аныктаган. Омар Хайям үчүнчү даражалуу теңдемелерди изилдеген. Аль-Баттани синус, тангенс, котангенс функцияларын караган, Абуль-Вефа синустардын таблицасын 1/604 тактыкка чейин түзгөн. Насрэддин Туси сфералык тригонометрияны түзүүнү белгилүү даражада аяктаган, аль-Каши ондук бөлчөктөрдү изилдеген жана лнин маанисин 17 ондук белгиге чейинки тактыкта аныктаган. Улугбек (15-кылым) Самаркандда жүздөн ашуун илимпоз чогултуп, астрономиялык байкоолорду жүргүзүү менен астрономиялык жана математикалык таблицаларды түзгөн. 16-к-да үчүнчү даражалуу (С. Ферро, 1515; Н. Тарталье, 1530) жанатөртүнчү даражалуу (Л. Феррари, 1545) теңдемелердин алгебралык чыгарылышы алынган. Алгебраны андан ары Ф. Виет өнүктүрүп, тамга менен белгилөөнү биринчи жолу (1591) киргизген. 16-к-дын аягында, айрыкча 17-к-да Россияда арифметика жана геометрия боюнча Л. Ф. Магницкийдин колдонмо «Арифметикасы» сыяктуу бир нече кол жазма окуу китептери пайда болгон; 3) М-нын өнүгүшүндөгү өзгөрмө чоңдуктар М-сынын пайда болгон доору (17-18-кылым) Чондуктар өз алдынча эмес, бир бири менен байланышта изилденген. Функция жана функциялык көз карандылыкты үйрөнүү биринчи планга коюлган. Предел, туунду, дифференциал жана интеграл түшүнүктөрү пайда болгон. Механика менен физиканын негизги закондору дифференциалдык тендемелер аркылуу жазылган. Өзгөрмө чоңдуктар М-сына И. Нъютон жана Г. Лейбниц негиз салган. Булардан тышкары 17-18-к-да Р. Декарт, Ж. Непер, М. Ролль, П. Ферма, Б. Кавальери, Я. Бернулли, И. Бернулли, Г. Лопиталь, Б. Паскалъ, Ж. Лагранж, П. Лаплас, Г. Крамер, Ж. Д’Аламбер, А. Муавр, Ж. Стирлинг, Г. Монж, А. Клеро ж. б. илимпоздор да өзгөрмө чоңдуктардын М-сы боюнча эмгектерди жазган. 18-к-да Петербург ИА М-лык изилдөөлөрдүн негизги борборлорунун бири болгон. Анда ошол доордун бир катар белдүү математиктери (Л. Эйлер, Д. Бернулли) иштеген; 4) азыркы М. пайда болгон доор (19- 20-к). Бул мезгилде табият таануу менен техника алдыга койгон маселелердин жана М-нын ички талаптарынын негизинде М-нын көп жаңы бөлүмдөрү түзүлгөн. Мында К. Гаусс, Ж. Фурье, О. Коши, С. Пуассон, П. Дирихле, Ж. Грин, М. В. Остроградский, Н. И. Лобачевский, А. Пуанкаре, Ж. Адамар, Ж. Рэлей, У. Томсон, К. Жордан, А. Лебег, К. Нейман, Д. Гильберт, В. Вольтерра, А. М. Ляпунов, В. А. Стеклов, П. Л. Чебышев, Атап Айтканда Марков ж. б. илимпоздордун ролу зор.
КМШ өлкөлөрүндө М-нын жакшы өнүгүшүнүн маанилүү фактору - Совет бийлиги доорунда көптөгөн математикалык жаңы илимий борборлор пайда
болгон. Тблиси, Ереван, Баку, Вильнюс, Ташкент, Минск, Новосибирск, Свердловск, Алматы, Фрунзе, Воронеж ж. б. ш-да М-лык илимий мектептер түзүлгөн.
Кыргызстанда М. башка илимдердей эле жаш илим. М-лык изилдөөлөр негизинен төмөнкү багыттарда жүргүзүлөт: 1) интегралдык теңдемелер жана функциялык анализ; 2) интегралдыкдифференциалдык теңдемелер жана алардын системалары; 3) жогорку тартиптеги туундунун алдындагы кичине параметри бар интегралдыкдифференциалдык тендемелер жана алардын колдонулушу; 4) эсептөө М-сы; 5) айырмалуу теңдемелер; 6) автоматтык башкаруу (оптималдык процесстер); 7) М-лык физика; 8) эсептөө техникасын пландоо-экономикалык изилдөөлөрдө М-лык методдорду колдонуу; 9) көп чендүү дифференциалдык геометрия; 10) сызыктуу алгебра; 11) корректтүү эмес жана тескери маселелер; 12) сандар теориясы; 13) мектептерде жана ЖОЖдордо М-нын окутуу методикасы. Кыргызстанда М. илимине салым кошкон илимпоздор: М. Иманалиев, А. Бөрубаев, А.Айылчиев, С. Искандаров ж. б. Кыргызстанда М. боюнча бир нече монография жана «Кыргызстанда интегралдык-дифференциалдык теңдемелерди изилдөөлөр» деген тематикалык жыйнак чыккан.
Ад.: История математики с древнейших времен до начало XIX столетия. Т. 1-3. М., 1970-1972; Клини С. К. Введение в математику/2-е изд. М., 2009.