МАСКАТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:40 учурдагы нуска

МАСКАТ - Оман султандыгынын борбору. Араб жарым аралынын чыгышында, Оман булуңунун жээгин­де жайгашкан порт шаар (сыртка курма, же­миш, кургатылган балык чыгарат). Калкы 734,7 миң (2010; агломерациясы менен 1,2 миллион). Эл аралык аэропорту бар. Кербен жол тоому. Түштүк-Батыш Азиянын соода борбору. Биздин заманга чейинки 4-3-к-да эле калк отурукташа баштаган. 9-к­дын аягынан 12-к-дын ортосуна чейин араб Аб­басиддер династиясы башкарып келген. 16-к-дын

Султандар ак сарайы

башына чейин имам бийлиги бекем орногон. 1970-жылы Улуу Британиянын колдоосу менен Оман­да мамлекеттик төңкөрүш болгон. Мунун негизинде Оман менен Маскаттын аймагы бириктирилип, М. борбор болуп жарыяланган. М. батышынан жана түштүгүнөн дубалдар менен курчалган. Чы­гышы менен түндүгүн Оман булуңу чулгап, аска­лар менен тосулган. Бухтанын эки тарабында тең форттор жайгашкан. Шаардын эски бөлүгүндө 2-3 кабаттуу үйлөр, соодагерлердин турак-жай­лары (18-19-кылым), заманбал курулуштарынан ко­ролдор госпиталы (1987), элчиликтер, аль-Алам ак сарайы (1970), банктар, отелдер бар. Шаар­дын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу. М. - мамлекеттик башкаруунун, ишкерликтин (Ру­ви), транспорт-логистиканын (Матрах) борбору. М-нын агломерациясында алдынкы улуттук компаниялардын («Ре1го1еит Бе^е1ортеп1 Отан» нефть-газ өндүрүүчү, «0тап1е1» телеком­муникация) штаб-квартиралары, банктар жай­гашкан. М-та 1994-жылы Израилдин соода өкүлчү­лүгү ачылган. М. деңиз илимий из. балыкчылык­тын ири жана Омандын нефть-газ көргөзмөсүнүн борбору. Университеттер, институттар, эл аралык коллеж, калк китепканасы, архивдер, музейлер, галерея­лар ж. б. бар. Кустардык промысел (металл жана жыгач буюмдар), кол өнөрчүлүк (килем то­куу, алтын менен күмүштөн зер буюмдарды жа­соо) өнүккөн.