МАРКСИЗМ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:40 учурдагы нуска
МАРКСИЗМ - диалектикалык материалисттик философия, саясий экономия, илимий коммунизм, таптык күрөш, социалисттик революция, дүйнөнү өзгөртүү, жаңы коомду куруу жөнүндө синтезделген илимий система. М-дин негизинде дүйнөнүн жалпы закон ченемдүүлүктөрү, жалпы тааным методу, диалектикалык жана тарыхый материализм, жаратылыш, коом, аң-сезим закон ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү марксисттик философиялык көз караштар жатат. М. 19- к-дын ортосунда негизинен капиталисттик жана ага чейинки цивилизацияларды сындоонун натыйжалары катары жана немистик классикалык философияга, фр. утопиялык социализмге, англ. классикалык саясий экономияга, илимий ачылыштарга булак катары таянып жаралган окуу. Бул окуунун башында улуу ойчулдар К. Маркс менен Ф. Энгельс турган. Алардын теорияларын В. И. Ленин чыгармачылык менен улантып, 20-к-дын башында Россияда ишке ашырган. Бирок ошол эле кылымдын аягында «реалдуу социализм» коомунун СССРде ж. б. өлкөлөрдө бузулушу менен М. идеялык начарлоого туш болгон. Анын негизги кемчиликтери пролетардык мессианизм (куткаруу) идеологиясы; бүткүл социалдыксаясий проблемаларды пролетардык диктатурага тогоп, чегерүү; жеке менчикти жоюп, коомдук жалпы менчикти орнотуу; жарандык коомду саясий коомдун пайдасы үчүн жоюу, аларды бири-бирине тике «куюлуштуруу»; жеке менчик ээлеринин менчиктерин тартып алуу ж. б. Азыркы убакта М-дин көп илимий принциптеринин маанилери сакталууда жана тарыхый процесстин социалдык-философиялык теориялары менен интеграцияланууда.
Ад.: Ленин В. И. О некоторых особенностях исторического развития марксизма. М., 1989; Марксизм: рго и сопЪга. М., 1992; Нуреев Р. М. Исторические судьбы учения К. Маркса//Вопросы экономики. 2007. № 9. Т. Эсенгелдиев.