МАРЙЯ СТЮАРТ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:40 учурдагы нуска
МАРЙЯ СТЮАРТ (8. 12. 1542, Шотландия, Линлитгоу - 8. 2. 1587, Англия, Нортгемптоншир графтыгы, Фотерингей сарайы, сөөгү Вестминстер аббаттыгына коюлган) - Шотландия королевасы (1542-67-жылы, иш жүзүндө 1561-жылдан), Стюарттар династиясынан. Шотландия королу Якоб Унин кызы. Атасы өлгөн соң (1542), такка отурган (1543). 1548-61-жылы Францияда жашаган, 1558-жылы француз дофини, келечектеги король Францискке күйөөгө чыккан. 1559-60-жылы Юраев Франциск Пнин жубайы катары
Франция королевасы болгон. Жесир калгандан кийин 1561-жылы Шотландияга кайтып келип, ошол эле кезде католик ак сөөктөрүнүн колдоосу менен англ. тактыга (король Генрих УПнин чөбөрөсү катары) талапкер болгон. Шотландиядагы Англия колдоп турган протестантизмге расмий түрдө жол бергени менен М. С. католиктерге колдоо көрсөтүп, Римдеги папа менен байланыштарын үзгөн эмес. Экинчи күйөөсү - лорд Дарнлини өлтүрүүгө катышкан деп күнөөлөнүп, 1567-жылы тактыны өзүнүн уулуна (шотландиялык король Яков VI; 1603-жылдан англия королу Яков I) өткөрүп берип, шотландиялык кальвинчилер тарабынан куулуп, Англияга качкан. Англия королевасы Елизавета 1ге каршы бир нече жолу кутум уюштурууга катышкандыгы үчүн М. С. Елизавета I тарабынан түрмөгө камалган жана Фотерингей сарайында өлтүрүлгөн. Шиллердин «Мария Стюарт» трагедиясында, Гаэтано Доницетти менен Сергей Слонимскийдин «Мария Сюарт» операсында анын образы идеалдаштырылган.
Ад.: Эсоно Е. А. Мария Стюарт: королева шотландская. СПб., 2002.