МАРГИНАЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:01 учурдагы нуска

МАРГИНАЛ (фр. marginal - кошумча нерсе, артык баш нерсе, чеке-белде калган жазуу) - 1) бул мурдагы социалдык байланыштардан ажырап, бирок жашоо-тиричиликтин жаңы шарттарына көнө албай, кандайдыр бир соци­алдык топтордун арасында ортозаар калган адам (мисалы, эмигранттар); 2) коомдун чеке-белин­де калган адам (мисалы, люмпен, селсаяк, бомж); 3) маргиналдуу маданият - элет жерлери­нен шаарларга карай багытталган массалык миг­рация шаардык маданияттын салттуу өзгөчөлүк­төрүн гана «кыйратпастан», элет менен шаардын маданияттарынын ортосундагы маргиналдуу маданият­тын пайда болушуна да түрткү берет; 4) марги­налдуу инсан - бул ар кыл эки элдин маданияты­нын, жашоо-тиричилигинин жана каада-салтта­рынын ортосунда жашаган, аларга аң-сезимдүү түрдө аралашкан адам. Мындай адам мүмкүн­чүлүктөрдүн болгондугуна карабастан, эч качан өзүнүн өткөн тарыхы менен каада-салттарынан кол жууй албайт, ошол эле учурда ал өзү азыр татыктуу орунду ээлөөгө тырышып жаткан жаңы коомго да өз башын толук кандуу баты­ра албайт. Бул бири-бири менен эч качан жууру­лушпаган 2 маданият менен 2 коомдун ортосундагы ара жолдо калган инсан болуп саналат. Марги­налдуу инсан калктын миграциясы сыяктуу адамды кандайдыр бир маданиятты таштоого, өзү үчүн чоочун болуп саналган маданий баалуулук­тарды, социалдык ролдорду, жашоо образын өздөштүрүүгө мажбурлаган ар кыл процесстер­дин натыйжасы же продуктусу болуп саналат.

Ш. К. Аалиева.