МАНЬЯНИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:01 учурдагы нуска
МАНЬЯНИ Анна (7. 3. 1908, Рим - 26. 9. 1973, ошол эле жер) - итал. актриса. 1920-жылдардын аягында - 1940-жылдардын ортосуна чейин драма театрында жана эстрадада иштеген. 1930-жылдардан киного тартылган («Сорентолук сокур кыз»), «Рим - ачык шаар» (Р. Росселлини) фильминде каршылык көрсөтүү кыймылынын катышуучусу, карапайым аял Пинанын ролун жараткан. Зор таланты, темпераменти, эмоциялуулугу актрисаны итал. неореализмдин башкы актрисасына айландырды (Л. Дзампа, «Депутат Анжелина», Венециядагы ЭКФ сыйлыгы; Камерини, «Жолдордогу кыялдар» ж. б.). Итал. «күлгүн реализм» мезгилинде чет өлкөлөрдө (Д. Манн, «Татуировкаланган роза», «Оскар» сыйлыгы; Ж. Кьюкор, «Жапайы шамал», Батыш Берлин ЭКФ сыйлыгы ж. б.) жана
мекенинде (Р. Кастеллани, «Шаардагы тозок» ж. б.) киного тартылуу менен талантына шайкеш роль табууга аракеттенген. 1962-жылы П. Пазолининин «Рома апай» фильминде башкы ролду аткарып, эненин кайгысы менен кубанычын гана эмес, ырайымсыз убакыттын жаргылчагынын чайнаганына моюн сунбаган күчтүү инсандын драмалуу образын жараткан. Театрда да ийгиликтүү иштеген (Пина, Ж. Верга, «Канчык карышкыр», 1965 ж. б.). Кинодогу акыркы ролу «Рим» (Ф. Феллини) фильминде эпизоддук ролго тартылып, өзүнүн ролун өзү аткарган (1972).
Ад.: Алова Л„ Боброва О. А. Маньяни и её роли. М., 1990.