МАНКОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:40 учурдагы нуска

МАНКОО (ХапНпшп) - өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бийиктиги 20- 100 смте жеткен бир жылдык жана бир үйлүү чөп. Көп бутактуу сабагы катуу, түктүү. Жалбыра­гы тегиз жээктүү тегерек, үч бурчтуу же жүрөк сымал. Топ гүлү сапсыз, жалбырак колтугунда жайгашкан. Аталык гүлдөрү - топ гүлдүн жо­гору жагында, энелик гүлү төмөн жагында ор­ношкон, анын ороочтору сыртынан илмекей катуу тикендүү. Уругу бышканда анын катуу тикендүү ороочтору чоңоюп, мөмөсүнүн сыртын каптап турат. М-нун 70 түрү Түндүк, Түштүк Амери­када, Европада, Кичи жана Чыгыш Азияда, Кыргызстанда 2 түрү кездешет. Алар негизинен жол боюнда, айдоодо, таштандылуу жерде, аңызда, мал сарайга жакын жерде өсөт, өтө зыяндуу отоо чөп. Майда малдын жүнүнө жабышып, анын сапатын төмөндөтөт. Жалбырагы менен тамыры­нан сары жана жашыл боёк алынат. Элдик ме­дицинада богокко, тери ооруларына, дизенте­рияга, лимфа түйүндөрүнүн туберкулёзунда дары чөп катары колдонулат. Уругунда 40% ке жа­кын бат кургоочу май болот.